ИИМ туристтик сезонго карата даярдык көрүүдө (Сүрөт)

1 июля 2020 13:35 692 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин туризмге багытталган даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чарасынын планы бекитилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

2020-жылдагы туристтик сезонго даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыздоо максатында Ички иштер министрлиги тарабынан буюрук чыккан. Ага ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен биздин өлкөгө келген туристтердин жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын планы бекитилди.

Туристтик сезон маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту тиешелүү деңгээлде камсыздоо максатында чет өлкөлүк жарандардын жана эс алууга келген жарандардын кайрылуулары менен арыз-даттанууларын өз убагында чечүү боюнча комплекстүү ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүрүп жатат. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИМдин башка бөлүктөрүнөн дагы милиция кызматкерлери тартылды.

 «Кордай-Бишкек», «Манас аэропорту-Бишкек», «Түндүк айланма жолу –Бишкек», «Бишкек – Балыкчы - Чолпон-Ата - Каракол» жолдору боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын стационардык жана көчмө постторунун жайгаша турган жерлери такталды.

Мындан сырткары, Боом капчыгайында жана Төө-Ашуу өтмөгүндөгү Бишкек-Ош унаажолу боюнча күн-түн иштеген посттор, укук бузуулар (жол кырсыгы)  жасалган жерлерге ыкчам барып, медициналык жардам көрсөтө турган ӨКМдин куткаруучулары менен тез жардамдардан турган нөөмөт уюштурулду.

Ошондой эле, туристтик сезондун аягына чейин  жол-транспорттук кырсыктарды болтурбоо жана алдын алуу максатында ар убак рейддик иш-чаралар жүргүзүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/iim-turisttik-sezongo-karata-dayardyk-krd-srt



Добавить комментарий