ИИМ Шамиль Атахановдун арызы боюнча: Убактылуу кармоочу жай курорт эмес!
Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган, экс-вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барганда укук бузуу болгону боюнча билдирүүсүнө Ички иштер министрлиги жооп кайтарды.
Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирүү тараткан. Анда адвокат Атаханов менен жолугушууну талап кылганын, бирок ага эч ким көңүл бурбаганы жазылган.
«Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбору билдирүү таратты. Анда Атахановдун арызы прокуратурага жиберилгени, милиционерлерге чара көрүлөрү белгиленген. Борбордун кызматкерлери бул жайга дайыма келип турушат. Ошол убактарда камоонун тартибине көңүл бурушу керек эле. Тилекке каршы убактылуу кармоочу жайы курорт эмес. Бул жайга алып келгенде жана камерага киргизүүдөн мурда кармалуучунун денесинде ар кандай жаракаттар болсо текшерилет. Оору белгилерин байкаган учурда нөөмөттөгү кызматкер тез жардам кызматын чакырат. Адвокатына каалаган күнү 06:00дөн 22:00гө чейин кирүүгү уруксат берилгени түшүндүрүлгөн.
Камерада одеялдын жоктугу туура эмес. Камерада матрац жана эки одеял болгон. Бүгүн эртең менен дагы бир одеял берилди. Даары-дармектерди жана жеке буюмдарды жумуш күнү саат 09:00дөн 19:00гө чейин берүүгө болот. Андан улам кармалуучунун укугунун бузулушу тууралуу билдирүү чындыкка жатпайт», - деп билдирген КРнын ИИМинин басма сөз кызматы.
Ссылка: https://barometr.kg/iim-shamil-atahanovdun-aryzy-boyuncha-ubaktyluu-karmoochu-zhaj-kurort-emes
Добавить комментарий ×