ИИМ: Санитардык-карантиндик посттор текшерилди

17 июня 2020 12:24 1162 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы санитардык-карантиндик посттордо текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин ИКАКтын басма сөз кызматы билдирди.

 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов  орун басарлары менен биргеликте санитардык-карантиндик посттордо аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн абалы менен таанышты. Мындай текшерүү, азыркы учурдагы COVID-19 илдетин жуктуруп алуулардын саны  жогорулап жаткандыгына байланыштуу уюштурулду.

Текшерүү учурунда, Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы кызматкерлер тарабынан посттордо кызматты уюштуруусуна, өздүк курамга тамак-аш, жеке коргонууч каражаттары менен камсыздалышына көңүл бурду, ошондой эле кызматкерлердин эс алууга чатырлар менен жабдыкталышын белгиледи.    

Эске салсак, 2020-жылдын 4-июнунан тарта, ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда орнотулган санитардык-карантиндик посттордо карантиндин режимдин талаптарын сакталышы боюнча күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.  Аймактарда кырдаал тууралуу маалыматтарды топтоп, талдоо иштерин күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү тургундар арасында өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын жана жүрүм-турум эрежелерин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин уюштурууда.



Ссылка: https://barometr.kg/iim-sanitardyk-karantindik-posttor-teksherildi



Добавить комментарий