ИИМ: Садыр Жапаровдун ант берүү аземи күнү 2 500 милиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылат

27 января 2021 17:09 2958 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы учурунда 2 500 ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыз кылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

2021-жылдын 28-январында ИИМдин тиешелүү кызмат бөлүктөрү жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн күчөтүлгөн режимде иштешет. Ошол күнү  2 500 ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылат.

Бишкек шаарындагы Манас, Чынгыз Айтматов жана Чүй проспектилериндеги негизги жолдордо, каршы тилкелерде коомдук жана жеке транспорттордун кыймылына эч кандай чектөөлөр киргизилбейт. Негизги трассадагы жол кесилиштердеги  эки тараптуу жол кыймылы кадимкидей эле кыймылда болот. Эң негизгиси атайын кортеж өтүп бараткан убакта кана бир нече секунддарга гана кайчы жолдогу транспорттор кыймылын токтотот, кыймылда бараткан автоунаалар жолдун четине бир нече секунддарга гана токтойт.

Жолдордогу коопсуздукту камсыз кылуу ИИМдин Жол коопсуздугун сактоо башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине жүктөлөт.

ИИМ айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана айдоочулук  маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын унаа жолдордун боюнда калтырып кетпөөңүздөрдү жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу коомдук тартипти сактоого багытталган уюштуруу иш-чараларынын жүрүшүн Бишкек шаарынын тургундары менен меймандарын түшүнүү менен кабыл алууларына чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-sadyr-zhaparovdun-ant-ber-azemi-kn-2500-ashyk-miliciya-kyzmatkeri-koopsuzduktu-kamsyz-kylat



Добавить комментарий