ИИМ: Кыргызстанда абал туруктуу

19 октября 2020 11:34 433 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын аймагында абал тынч. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кыргызстандын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Ал эми, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 18-октябга карата  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138 кылмыш, 107  жоруктар катталган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/iim-respublikanyn-ajmagynda-abal-turuktuu-zhana-toluk-kzmldnp-zhatat



Добавить комментарий