ИИМ: Мончодо жаш баланы эркек зордуктаган кылмыш Кыргызстандан сыртта болгон

24 января 2021 22:30 4275 Barometr
Поделиться в:
ok

Мончодон зордуктаган кылмыш Кыргызстандын аймагынан сырткары болуп, көнөөлүү адам өз жазасын алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирген маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Урматтуу достор! Кыргызстандыктар!

Социалдык түйүндөрдө тараган видеоролик боюнча ИИМ бүгүн маалымат берген эле. Биз тактоо жана аныктоо иш-чараларын жүргүзүп жаттык. Анын үстүнө маселе тактала электе социалдык түйүндөрдө провокацияга алдырган да жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тарап жатат. Божомолго алдырбай так маалыматтарды күтөлү. Ошол себептүү бул маалыматты тактап койолу дедик. Аталган видеороликтеги окуя  Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды. Экинчиден аталган видеоролик бир эки жыл мурун болгондугу жана бул факты боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалымат аныкталууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүбүздү жибердик. Кыска убакыттын ичинде бул видео качан болгондугу, кайсы жерде болгондугу тууралуу, кимдер экендиги жана кабыл алынган чечимдер боюнча ыйгарым түрдө билдиребиз. Урматтуу достор, бул окуяга кайдыгер карабаган замандаштарым аталган факт боюнча жакын арада кошумча маалымат болот тургандыгын билдиребиз", - деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда эркек эркекти зордуктады деген видео тарап жатат.

Видеодон жаш жигит өзүнөн бир топ кичүү башка бирөөнү күч колдонуп зордуктап жатканын көрүүгө болот. Видео мончодо тартылганы, андагы адамдар кыргыз тилинде сүйлөп жатканы байкалат.

Буга чейин, Ички иштер министрлиги видео тууралуу кабары бар экенин билдирип, учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдиришкен.


Ссылка: https://barometr.kg/iim-monchodo-erkekti-erkek-zorduktady-degen-okuya-kyrgyzstandan-syrtta-bolgon



Добавить комментарий