ИИМ: Милициянын көчмө кабылдамасына кызуу көңүл бурулууда
Бүгүн, 4-июль күнү “Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо боюнча кичине коомдук кеңештерди түзүү ” аталышындагы конференция өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
“Милициянын көчмө жыйыны өзүнө адистештирилген автобусту камтып, ичинде даярдалган милиция кызматкерлери кызмат өтөп, анын ичине милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, жашы жете электер менен иштөө боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен тергөөчүлөр кирет. Милициянын көчмө кабылдамасы калк акысыз чалуусу үчүн телефондор менен жабдылган. Андан сырткары, Милициянын көчмө кабылдамасынын ишин колдоо үчүн жер-жерлерде КААБдын өкүлдөрүнөн курамына кирген кичине коомдук кеңештер түзүлгөн. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик органдары Милициянын көчмө кабылдамасынын ишине жигердүү көңүл буруп баштаганын айтып кетүү керек”,-деп билдирди ИИМдин башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев.
Андан сырткары, министрдин орун басары өз сөзүндө ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесине көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Анткени, ЕККУ 24 унаа тапшырган, бүгүн дагы 6 автоунаа тапшырды, алар GPS навигаторлору менен жабдылган, ал эми ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматында Милициянын көчмө кабылдамасынын ишин көзөмөлдөгөн маниторинг борбору түзүлгөн.
Андан соң, Шамшыбек Мамыров, “Милициянын калк менен натыйжалуу иштешүүсүн жогорулатууда маанилүү курал катары колдонулган милициянын көчмө кабылдамасын колдоо боюнча кичине коомдук кеңештердин ролу” аталышындагы өз баяндамасы менен чыкты. Анда Шамшыбек Мамыров, азыркы учурда ИИМдин тутумунда 24 Милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жаткандыгын билдирди. Эгерде облустар боюнча карасак, анда Чүй облусунда-2, Ысык-Көл облусунда-2, Жалал-Абад облусунда-4, Ош облусунда-4, Ош шаарында-2, Баткен облусунда-3, Талас облусунда-2 жана Нарын облусунда-4 Милициянын көчмө кабылдамасы бар. Ай сайын МККнын ишинин графиги райондук администрациянын башчылары, шаарлардын мэрлери, РИИБдин жетекчилери менен макулдугу менен түзүлүп, жергиликтүү аймактык бийлик органдарына таратылат. МККнын иши коомдук болгондуктан, экипаждын курамына милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, жашы жете электер менен иштөө тескөөчүлөрү жана Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери кирет. Талдоо көрсөткөндөй¸ МККга кайрылуулардын 90 пайызы социалдык маселелерге байланышкан. Ал эми, милициянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү кайрылуулар кичинекей гана бөлүктү түзөт”,-деп Шамшыбек Мамыров белгиледи.
Өз кезегинде, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс, Милициянын көчмө кабылдамасы катары колдонуу үчүн 6 кичиавтобустарды тапшырды. “Эң мыкты жыйынтыкка-коопсуздуктун жогорку денгээлине-качан гана калк менен милиция чогуу сүйлөшүп, бир пикирге келип иштешкенде гана жетишет. Бул “Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун негизги максаттарынын бири, жана милициянын көчмө кабылдамасын ишке киргизүүдө бул максатка жетүүнүн ыкмасы болуп саналат. Көчмө кабылдама коомчулук үчүн милицияны жеткиликтүү кылат”,-деди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс.
Эске салабыз, кичине коомдук кеңеш-бул өзүнө коомчулуктан чыккан активисттерди (квартал башчылары, аксакалдар сотторунун мүчөлөрү), мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн жана башка кызыктар катышуучуларды камтыган, негизги ишмердиги белгилүү аймактын калкына комплекстүү социалдык-укуктук жардам көрсөтүү болуп саналган, конкреттүү жамааттын аймагында түзүлгөн түзүм. Кичине коомдук кеңеште ыктыярдуу негизде иштейт жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт. Кичине коомдук кеңештер республикадагы 21 жергиликтүү милиция бөлүмдөрүндө өзүнүн ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшкөн жана 3,5 миллионга жакын жараны бар 1042 айылдык жааматтарды тейлеген 30 Милициянын көчмө кабылдамасынын ишин колдоого алат.
Ссылка: https://barometr.kg/iim-miliciyanyn-kchm-kabyldamasyna-kyzuu-kl-buruluuda
Добавить комментарий ×