ИИМ: "Милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн жакшыртуу боюнча акылдуу технологиялар иштеп баштайт"
Бүгүн, 2018-жылдын 26-декабрь күнү Бишкек шаардык Свердлов районунун ички иштер башкармалыгында Бузуулардын бирдиктүү реестри боюнча автоматташтырылган тутумду киргизүү жана колдонуу максатында атайын кабинеттеринин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чарага Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Айнуру Алтыбаева, укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдырасулова, ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин кызматтарынын, башкармалыктарынын жетекчилери жана башка тиешелүү уюмдардын жетекчилери, маалымдоо кызматкерлери катышышты.
Эл аралык абактар реформасынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Азамат Шамбиловдун айтуусунда аталган долбоор кыйноолорду жок кылууга жардам берет.
"Суракка алуунун аталган тынчтык модели Улуу Британиянын юристтери, психологдору жана полициялары тарабынан 1990-жылдары иштелип чыгып, Англиянын, Уэльстин, Канаданын, Австралиянын, Жаңы Зеландиянын полициялары колдонууда-деди.
Белгилей кетсек, ИИМнин Эл аралык абактар реформасынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү Мемарандумдун алкагында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде пилоттук проект ишке ашырылды. Анда, милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн жакшыртуу боюнча алар тараптан Жазык иш-аракеттерин жүргүзүү, акылдуу технологияларды колдонуу Венецияндык айнектери орнотулган суракка алуу бөлмөлөрүн Эл аралык стандартка ылайык жасалгалоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Андан соң, ИИМ аталган долбоорду Ош облусунун Кара-Суу РИИБсинде ишке ашырууну пландап жатат.
Андан сырткары, Бузуулардын бирдиктүү реестринин иши үчүн орнотулган компьютерлери бар коомдук коопсуздук кызматынын атайын бөлмөсүн көрсөтүштү. Бузууларды бирдиктүү каттоо иши үчүн атайын орнотулган компьютерлери бар тергөөчүнүн, алгачкы текшерүүчүнүн бөлмөлөрү көрсөтүлдү. Свердлов РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн кызматкерлери маалыматтарды каттоонун электрондук журналы менен Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү каттоо тутумунун ишин оргтехникада колдонуу ыкмаларын көрсөтүштү. Бишкек ШИИББдин башчысы Сталбек Рахманов киргизилип жаткан Маалыматтарды каттоонун электрондук журналы менен Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү каттоо тутумуна Бишкек шаарынын ички иштер органдары толук даяр экендигин катышуучуларга маалымдады.
Добавить комментарий ×