ИИМ менен УКМК Кой-Таштагы окуяны иликтеген комиссияга отчет берди
7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия ИИМ менен УКМКнын маалыматын укту.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Жыйында комиссия Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин маалыматтарын угушкан.
Күч түзүмдүн жетекчилери кандай маалыматтарды айтканын Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү айткан жок.
Вице-премьер-министр, комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков буга чейин кабыл алынган чечимдердин алкагында эки жумушчу топ түзүлүп, алардын курамы аныкталганын белгиледи.
Кой-Таш айылындагы окуялардын кесепетинен келип чыккан себептик-иликтөө байланыштарын изилдөө боюнча топко: Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Батырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиев киришти.
7-8-августтагы окуялардын талдоосун даярдоо боюнча жумушчу топко Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараев кирген.
Мамкомиссиянын кийинки жыйынына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асель Кодуранова, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/iim-menen-ukmk-koj-tashtagy-okuyany-iliktegen-komissiyaga-otchet-berdi
Добавить комментарий ×