ИИМдин МАККББнын кызматкерлерине жыл жыйынтыктоочу сыйлыктарды тапшырды

17 января 2019 13:24 1498 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

2018-жылдын 1 жыл ичиндеги кызматтык ишмердүүлүктү жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Ыкчам кеңешме МАККББнын өздүк курамын сыйлоо менен башталып, кызматына жоопкерчиликтүү мамиле кылып, мыкты кызматкерлер “Ардак грамота”, “Мыкты кызматкер”, “Мыкты ардагерлер кеңеши” атайын төш лентасы менен сыйланышты.

Ошондой эле, өздүк курам арасында “Кесибинин мыктысы” сынагынын жеңүүчүлөрү аталды. 

- “Мыкты күзөт бөлүмү” 1- орунга Биринчимай райондук күзөт бөлүмү, 2-орунга Сокулук райондук күзөт бөлүмү, 3-орунга  Нарын шаардык күзөт бөлүмү,

 - “Мыкты күзөт бөлүмчөсү” Жети-Өгүз райондук күзөт бөлүмү;

  - “Мыкты взвод башчысы” -Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн взвод башчысы, милициянын лейтенанты Шергазиев Жыргалбек Адылбекович;

- “Мыкты взводдун бөлүмчө башчысы” Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн взводдун бөлүкчө башчысы, милициянын ага прапорщиги Акматов Нурлан Сабыркулович;

  - “Чет өлкөлүк мекеме кайтаруу боюнча мыкты тескөөчүсү” Ведомстволук милиция полкунун күзөт тескөөчүсү милициянын лейтенанты Сапарбеков Эрмек Сапарбекович;

- “ЫАКнын мыкты айдоочу милиционери” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн ЫАКнын айдоочу милиционери милициянын ага сержанты Мундузбаев Эдиль Талантбекович;

  - “ЫАКнын мыкты милиционери” Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн ЫАКнын милиционери милициянын прапорщиги Джумалиев Тилек Кокулбекович;

- “Банк мекемесин кайтаруу боюнча мыкты милиционери” Каракол шаардык күзөт бөлүмүнүн милиционери милициянын старшинасы Шаршеев Азамат Жеңишович;

- “Обьектерди кайтаруу боюнча мыкты милиционери” Нарын шаардык күзөт бөлүмүнүн милиционери милициянын Чыңгышев Жыргалбек Асанбекович  жана башкалар аталышты. 

 Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында 2019-жылга карата бир нече тапшырмалар берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-kyzmatkerlerine-zhyl-zhyjyntyktoochu-syjlyktardy-tapshyrdy



Добавить комментарий