ИИМ: Кыргызстанда абал туруктуу

2 ноября 2020 09:21 622 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кыргызстандын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Ал эми, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 1-ноябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  127 кылмыш, 113 жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/iim-kyrgyzstandyn-ajmagynda-abal-turuktuu



Добавить комментарий