ИИМ: Кыргызстанда карантинге карабай ооз ачыруу уюштургандар бар. Алар жазасын алат

18 мая 2020 14:49 1700 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда карантин киргизилгенине карабай, айрым кафе-ресторандардын жетекчилери ооз ачыруу уюштурууга шарт түзүп берүүдө. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары  Мирлан Каниметов маалымат жыйында билдирди.

“Өлкөнүн айрым шаарларында кафе жана ресторандардын ээлери санитардык-карантиндин талаптарын бузуп, кечинде ифтар өткөрүүгө шарт түзүп жатышат. Бул мекемелердин ээлери КР мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат”, - деди ал.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус илдетинен улам коомдук тамактануу жайлары карантинге жабылып, бир гана тапшырык менен тамакты жеткирип берүү үчүн гана иштейт деген талап коюлган.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-kyrgyzstanda-karantinge-karabaj-ooz-achyruu-uyushturgandar-bar-alar-zhazasyn-alat



Добавить комментарий