ИИМ: "Кылмыштардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке ашырууга толугу менен даярбыз"

21 декабря 2018 14:37 1184 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 2018-жылдын 21-декабрь күнү Чүй облустук ички иштер башкармалыгында Бузуулардын бирдиктүү реестринин  бет ачары болуп өттү. Анда министрлик  кылмыштардын жана  бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке ашырууга жана ишке киргизүүгө ИИМ толугу менен даяр деп билдирди. Бул иш-чараны  ИИМдин орун басары Курсан Асанов ачып жатып:

 “Бузууларды каттоонун электрондук тутуму каралып жаткан иштин ачык-айкындуулугун камсыздап, бүтүндөй мамлекеттик башкаруунун тутумундагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтөт.  2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы кодекстер күчүнө кирет. Буга байланыштуу, донорлордун эсебинен 2800 кодекс даярдалып, ИИОнун кызматкерлерине берилди. Жакынкы күндөрдө, ИИМдин каражатынын эсебинен 6200 жаңы кодекстерди басып чыгаруу пландалууда. Бүгүнкү күндө, факты түрүндө жалпы республикалык ИИОнун кызматкерлери жаңы кодекстер боюнча окуудан өтүшүп, зачеттерду тапшырышты. Бузуулардын бирдиктүү реестрин жайылтуу ИИМге жүктөлгөн, муну менен бирге программаларды иштеп чыгып камсыз кылууга – 32 субьекти каралган, алар бузуулар жөнүндө жалпы ишти катташат (бузуулардын жалпы багыты боюнча негизги 6 мамлекеттик органдар бар  - Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Транспорт министрлиги, Мамэкотехинспекция, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, ошондой эле жана башка ИИМдин багыты боюнча 25 ведомстволор бар). Менин төрагалыгым алдында ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, ал бузуулардын бирдиктүү реестрин жайылтууга байланыштуу ченемдик укуктук актылардын долбоору иштелип чыккан. ИИМ тарабынан бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу өкмөттүн токтом долбоору талапка ылайык иштелип чыгып өкмөттүк аппаратка киргизилди. Бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү боюнча тиешелүү иш-чаралар толук көлөмдө ишке ашырылды”-деди министрдин орун басары. 

Ички иштер министрлиги 2019-жылдын 1-январында  күчүнө кире турган жаңы кодекстерди натыйжалуу ишке ашыруусуна Өкмөт тарабынан  84 млн. 274 миң 326 сом (сурак жүргүзүү кабинеттерин программалык камсыздоого ылайык үн жана видео жазуу техникалык каражаттар менен камсыздоо, зарыл жабдууларга тиешелүү кызматтарды, чыгымдалган каражаттарды сатып алуу, инфраструктура түзүү) бөлүнгөн. Жалпысынан 8 тендер өткөрүлгөн. Жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө, тергөө бөлмөлөрүн жабдылоо үчүн - 618 компьютер, 618 МФУ жана 386 видео камера штативи менен алынып жана орнотулду- деп билдирди ИИМден. 

 Ошондой эле 137 компьютер жана бир кубаттуу сервер алынган, алар бузуулардын бирдиктүү реестринин иштөөсү үчүн жалпы компьютерлерге орнотулган. 

Жакында кошумча 591 дагы компьютер келип,  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, Коомдук коопсуздук кызматына,  нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана алгач текшерүү кызматына  берилгени жаткандыгын билдиришти. 


Ссылка: https://barometr.kg/iim-kylmyshtardyn-zhana-buzuulardyn-birdikt-reestrin-ishke-ashyruuga-tolugu-menen-dayarbyz



Добавить комментарий