ИИМ коомчулукту массалык башаламандык тууралуу WhatsApp’та тарап жаткан маалыматтарды жайылтпоого чакырат
Ички иштер министрлиги WhatsApp’тын мессенжеринде коомдук абалды курчутуу жана башаламандык даярдалып жатканы тууралуу тараган чагымчыл имиштерге ишенбөөгө чакырат.
Бул тууралуу ИИМ бүгүн билдирүү таратты. Анда ИИМ жана башка күч түзүмдөрү мындай чагымчылдыкты уюштургандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатканы айтылат.
Белгисиз бирөөлөр тарабынан чагымчыл билдирүүлөрдүн таратылып жатышын ИИМ туура эмес маалыматтар жана жасалма жол менен абалды курчутуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу аракети деп сыпаттайт.
“Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу, тынчсызданууга жана кооптонууга негиз жок. Күч органдары коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүп келүүдө”, - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Атайын жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жоопкерчиликке тартыларын ИИМ эскертет.
ИИМ интернетте, WhatsApp’тын мессенжеринде чагымчылдыкка байланышкан маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат. Эгерде мындай фактыга туш келип калсаңыз 102 номери аркылуу милиция билдирип коюуңузду өтүнөт.
Добавить комментарий ×