ИИМ өкүлчүлүгү Якутскидеги окуядан улам полиция менен тыгыз иштешүүдө

19 марта 2019 11:10 2184 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Якутск шаарында зордукталган кыз жергиликтүү коомчулукта чоң резонанс пайда кылды. Шектүү адам Кыргызстанда туулган жаран болуп саналат. Буга байланыштуу КРнын Ички иштер министрлигинин Россия федерациясындагы өкүлчүлүгү толук маалымат таратты. 

“17-мартта Якутск шаарынын жашоочусун балдар аянтынын аймагынан алып кетишип зомбулук көрсөтүшкөн, буга байланышуту ал укук коргоо органдарына кайрылган.

Якутскинин тергөө комитети тарабынан кызды уурдоо жана зордуктоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.   

Шектүү адам кармалып, ал Кыргызстанда туулган жаран болуп чыкты. Мындан тышкары бул кылмышка дагы эки адам шектелүүдө.

Ушул эле күнү Якутск шаарында жергиликтүү калктын митинги өттү. Митинг маалында коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок. Буга байланыштуу Россия Федерациясындагы КР ИИМдин өкүлчүлүгү полиция менен тыгыз иш алып барууда”,-деп кабарлашты өкүлчүлүктөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/iim-klchllg-yakutskidegi-okuyadan-ulam-policiya-menen-tygyz-ishteshd



Добавить комментарий