ИИМ: “Кесиби боюнча мыкты” сынагынын жеңүүчүлөрү коллегияда сыйланды

25 января 2019 09:45 1993 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ички иштер органдарынын кызматкерлери 2018-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча жетишкен ийгиликтери үчүн коллегияда сыйланышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери сыйлыгына милициянын подполковниги Керкибаев Нурлан Асылбекович, мыкты тергөөчү Чүй облусунун  ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны Асанбек уулу Улукман,  ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери Ташибеков Азамат Керимбекович, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери  Юсупов Абдугалам Абдулхамидович, коомдук коопсуздук кызматынын мыкты милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Арунов Максатбек жана башка кызматкерлерге атайын сыйлык лента, Ардак грамота, вымпел жана 15000 (он беш миң) сомдон акчалай сыйлык берилди. 




Ссылка: https://barometr.kg/iim-kesibi-boyuncha-mykty-synagynyn-zhechlr-kollegiyada-syjlandy



Добавить комментарий