ИИМ: Кашкар Жунушалиев иш сапар менен Ош облусуна барды (Сүрөт)

3 сентября 2020 10:56 2675 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМ: Кашкар Жунушалиев иш сапар менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ,  2-сентябрда ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Кара-Суу РИИБдин Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүндө, ИИМдин Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгында, ИИМ тарабынан Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйдүн курулушунда жана ИИМдин  Ички коопсуздук аскер кызматынын 703-аскер бөлүгүндө болду. 

Андан соң Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында Ош ОИИБнын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Ушул эле күнү министр ИИМ тарабынан Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 12 кабаттуу, 240 батирлүү турак жайдын курулуш иштери менен таанышуу менен иш сапарын улады. Быйыл пайдаланууга бериле турган үйдүн курулуш иштери менен таанышып чыкты. 

Андан соң Кашкар Джунушалиев Ош шаарынын аймагында жаңыдан түзүлүп жаткан  милициянын кайгуул кызматынын башкаруу пункту  үчүн каралып жаткан имарат менен таанышып чыкты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов билдиргендей,  имарат Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндөгү жайгашкан мурдагы эски автобекеттин имаратынын бир корпусунда  жайгаштырылат.  Учурда башкаруу пункту үчүн бөлүнгөн  корпуска ремонт иштерин баштоо каралууда. Ал жерде кызматкерлердин иш орундары, эс алуучу жайлары жана саптык  машыгуу  аянчалары каралып жатат. Министр бул жайды  сапаттуу ремонттон өткөрүп, кызматкерлер үчүн тиешелүү шарттарды сөзсүз түзүп берүү жагын кароону тапшырды. 

Маалым болгондой, учурда ИИМдин  милициясынын кайгуул кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнө кызматкерлерди сынак менен кабыл алуу уланууда. Учурда биринчи туру аяктап, ийгиликтүү өтүшкөн талапкер ИИМдин республикалык окуу борборунда  билимдерин бекемдеп жатышат. Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматынын батальонуна 219 кызматкер кабыл алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-kashkar-zhunushaliev-ish-sapar-menen-osh-oblusuna-bardy-srt



Добавить комментарий