ИИМ: Карактоого жана опузалап талап кылууну жасоого шектелген адам кармалды (Сүрөт)

12 июня 2020 15:39 1016 Barometr
Поделиться в:
ok

Карактоого жана опузалап талап кылууну жасоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

КР ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бир катар оор кылмыш жасагандыгы үчүн шектүү болгон адамды кармашты. Жабырлануучулар, шектүүлөрдүн жасаган иштерине карата чара көрүү арызы менен ички иштер органдарына кайрылышкан.

2020-жылдын январь айынын орто ченинде Сокулук райондук ИИБне Чүй облусунун тургуну белгисиз адамдар үйүнө кирип, оор кылмышты жасагандыгы тууралу маалымдап, арыз менен кайрылган. Анда Сокулук районунун конуштарынын биринде, эртең мененки саат бештерде, болжол менен 20-25 жаштагы үч эркек киши терезе аркылуу үйгө киришкен. Кылмышкерлер, үй кожойкесин бычак менен коркутуп, 30 000 сом акчасын, 15 миң сомдук уюлдук телефонун алып, качып кетишкен.   Бул факты КР Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Мындан тышкары, учурдагы жылдын март айында Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБне борборубуздун тургуну укуктарына каршы иш жасагандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ал арызында, “Чоро” жана “Даку” аттуу эки эркек кишилердин аттарын көрсөтүп, коркутуу жолу менен автоунаасын күрөөканага коюуга мажбурлап, 150 000 сом берүүгө талап кылган. Бул факты КР Жазык кодексинин 203-беренесинде (опузалап талап кылуу) каралган кылмыш менен сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, жогоруда аталган фактылар боюнча каракчылык жана опузалап талап кылууга шектүүлөрдүн жогоруда аталган кылмыштуу иштерди жасагандыгынан да сырткары кылмыштарды жасашкандыктары тууралуу ар кыл багыттагы тактоону талап кыла турган маалыматтар бар экендигин ырасташат.

Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, жогоруда аталган кылмыштарды жасоого шектүү катары, Бишкек шаарынын жашоочусу 1994-жылы туулган Э. Э.  Э. аттуу жаран кармалган. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Жогоруда аталган жаран, буга чейин каракчылык жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгондугу жана түзөтүү мекемесинен качкандыгы үчүн КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Учурда шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.    

Жогоруда аталган шектүү  жарандан жабыр тарткандар болсо, ички иштер органдарына кайрылыңыз.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулардын саны көбүрөөк, азыркы учурда ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/iim-karaktoogo-zhana-opuzalap-talap-kyluunu-zhasoogo-shektelgen-adam-karmaldy-srt



Добавить комментарий