ИИМ: Баткенден Чоң-Алайга келип мал уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

9 февраля 2021 10:52 1086 Barometr
Поделиться в:
ok

Чоң-Алай районунда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан келип, мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“6-февраль күнү Чоң-Алай районунун тургуну 36 жаштагы И.Д. Чоң-Алай РИИБне арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 5-февралынан 6-февралына караган түнү өзүнүн үйүндөгү мал-сарайынан  малдарын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип, ууруларды таап, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жогорудагы арыздын негизинде ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүлүп, топтолгон материалдар 6-февраль күнү Чоң-Алай РИИБдин КЖБРне катталып,  КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү кызматтарга аталган уурулуктун бетин ачып, шектүүлөрдү тергөөгө камсыздоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Ош ОИИБдин, Чоң-Алай РИИБнин Криминалдык милиция  кызматынын кызматкерлери менен биргелешип, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде, уурдалган малдарды Ноокат районуна алып барып кылмыш ишин жашыруу максатында сатууга даярдап койгон жеринен Кызыл-Кыя шаарынын  тургундары 31 жаштагы С.И., 29 жаштагы Т.Н., 28 жаштагы Ж.И.  кармалды.  Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-batkenden-cho-alajga-kelip-mal-uurdap-zhrgn-kylmyshtuu-top-karmaldy



Добавить комментарий