ИИМ: Баткенде жарандарды эвакуациялоодо милиция жол коопсуздугун камсыз кылып жатат
Поделиться в:
Баткенде тажик аскерлеринин кол салуусунан улам коопсуз жайларга көчүрүлүп жаткан тургундарды милиция коштоп, жол коопсуздугун камсыз кылууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, ИИМ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө
"Баткен облусунун чыр чыккан аймактарында Баткен облусунун ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери коопсуз жайларга көчүрүлүп жаткан жарандар бар транспорт каражаттарын коштоп жүрүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшүүдө жана жергиликтүү тургундарга жардам беришүүдө", -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×