ИИМ: Баткенде абал туруктуу бирок чыңалуу бойдон турат

19 сентября 2022 09:52 1508 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде чек арада абал туруктуу бирок, чыңалуу бойдон тургандыктан ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда.

"Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек району боюнча  ички иштер органдарынын башка укук коргоо органдары жана мамлекеттик уюмдар менен бирге ыкчам өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-аракеттерди, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоону координациялоодо.

Кыргыз Республикасы менен  Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрликтиринин өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында Канибадам-Ходжент унаа жолунун чек ара тилкесинде күнү-түнү биргелешип күзөтүүнү макулдашты.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек районунда Кыргыз Республикасынын жана  Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрликтеринин 30 ашык кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Милиция кызматкерлери  укук бузууларды  жана чагымчылдыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана кошумча тартылган күчтөр  коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/iim-batkende-abal-turuktuu-birok-chyaluu-bojdon-turat



Добавить комментарий