ИИМ башы кесилген баланын видеосу тууралуу: "4 жыл мурун башка өлкөдө катталган окуя, чагымчыл жарандар жазага тартылат"

20 декабря 2018 21:01 2183 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жакындан бери башы кесилген баланын видеосу таркап жатат. Мындай кылмыш-иши биздин өлкөдө катталган эмес. Бул окуя 4 жыл мурда башка өлкөнүн аймагында катталган. Ушуга байланыштуу аймактар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөрдү тараткан жарандар жоопкерчиликке тартылат-деп билдирди  Ички иштер министрлиги жарандарга эскертүү катарында.

"Акыркы убактарда WhatsApp жана башка социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды камтыган жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аудио-билдирмелер менен видео тасмаларды тараткан учурлар көп кездешүүдө. Жарандарга эскертебиз, ушул сыяктуу материалдарды тараткандары үчүн  Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.Андан сырткары, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коркунучтар тууралуу эскертип, чагымчыл маалыматтарды камтыган материалдар массалык түрдө жайылууда. Эскертүү ирээтинде билдиребиз, ушул сыяктуу коркутуулар тууралуу маалыматтар интернет тармагында ушул жылы гана жайылбастан, бир канча убакыттардан бери дареги менен убактысы өзгөртүлүп, таркалууда. Биздин шаарда зыяндуу ийнелердин табылышы боюнча ушактар таралып, текшерүүгө алынганда бул маалымат жалган болуп чыкты. Кээ бир маалыматтык агенттиктер өздөрүнө тастыкталбаган маалыматтарды жайгаштырышууда"-деп жазылган маалыматта. 

Ошондой эле, Ички иштер министрлиги жогорудагыдай чагымчыл материалдарды тараткандардын өздүгүн тактоо боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын билдирди жана 102ге маалымдап коюну белгиледи. 




Ссылка: https://barometr.kg/iim-bashy-kesilgen-balanyn-videosu-tuuraluu-4-zhyl-murun-bashka-lkd-kattalgan-okuya-chagymchyl-zharandar-zhazaga-tartylat



Добавить комментарий