ИИМ: "Аткезчилик жол менен чыгымы 100 млн сомду түзгөн 260 унаа алынып келген"
Аткезчилик жол менен автотранспорт каражаттарын ташуу менен алектенген уюшкан топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштуу топ жеке материалдык пайда көрүү үчүн бажы-мамлекеттик салыктарды төлөөдөн качып, андан сырткары уурдалган автоунааларды легалдаштыруу менен республиканын аймагында сатуу максатында автотранспорт каражаттарына мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жасоо жана даярдоо (транспорт каражаттарына күбөлүк, техникалык паспорт жана башка документтер) менен алектенип келишкен.
ИИМдин криминалдык милиция кызматы Бажы союзуна кирген мамлекеттердин жасалма документтерин колдонуу менен бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн 111 автотранспорт каражаттарын киргизишкени аныкталган. Бишкекте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, мамлекеттик үлгүдөгү жасалма документтерди жасоо жана даярдоо менен алектенишкен сүрөт салондун ичинде жашыруун иш жүргүзүп келген жай табылган.
Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 1,2,3,4,6-бөлүмдөрү (Болжолдуу сүйлөшүп алуу менен топтор документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгошту.
Алгач топтун төрт мүчөсү кармалган.
Шектүүлөрдү кармоо учурунда алардан мөөрлөр, бланкалар жана башка документтер табылган: мамлекеттик каттоо кызматынын 25 даана мөөрү, андан сырткары жеке нотариустардын бланкалары менен мөөрлөрү; КР Бажы кызматында катталгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн 16 даана анык бланкасы; Беларусия Республикасынын, Казакстан Республикасынын “Бажы кызматында катталгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн 50дөн ашык” транспорт каражаттарына жасалган даяр бланкалар; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тууралуу “Ак-Тилек” жана “Акжол” көзөмөлдөө-өткөрүүчү пунктунун мөөрү менен коштоп жүрүүчү кагаздары; мамлекеттик үлгүдөгү жана КМШ өлкөлөрүнүн жасалма документтерин жасап
даярдашкан компьютерлер менен принтерлер, андан сырткары 30 даана электрондук флеш-карталар табылган.
Азыркы учурда аталган 111 транспорт каражаттарынын ичинен, соттун токтомунун негизинде 25 автоунаа айып пул төлөөчү жайга киргизилди.
Болжолдуу маалымат боюнча мамлекетке 100 миллион сомдук зыян алып келген.
Кошумча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө коррупциялык фактылар аныкталып, ага Чүй облусунун Кемин району боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызматкерлеринин тиешеси бардыгы аныкталган. Жасалма документтер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөрү тарабынан Бажы союзуна кирбеген өлкөлөрдөн, анын ичинен автоунааларды чыгыш Европадан ташып келүүгө колдонулган, бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн чек арадан ташып келип жүрүшкөн.
ИИМдин маалыматы боюнча жасалма документтер жогорку сапаттуулугу менен айырмаланып, сырткы белгилери боюнча жасалма экендигин аныктоого мүмкүн эмес. Жогорудагы фактылар боюнча кылмыш-иши козголуп, шектүү катары Чүй облусунун Кемин району боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин К.И. жана Ч.Ш. аттуу эки кызматкери кармалган.
Жогорудагы 111 автоунаадан сырткары аткезчилик жол менен Кыргызстанга алынып келинген 150 автоунаа бар экендиги такталган.
Учурда бул ишке тиешеси барларга карата иликтөө иштери жүрүп жатат деп билдирди ИИМден.
Ссылка: https://barometr.kg/iim-atkezchilik-zhol-menen-chygymy-100mln-somdu-tzgn-260-unaa-alynyp-kelgen
Добавить комментарий ×