ИИМ: Атамбаевдин кудасынын үйүнөн ири өлчөмдөгү акча жана чыгымдар жазылган барактар табылды

17 августа 2019 14:03 4151 Barometr
Поделиться в:
ok

Милиция мурдагы президенттин уулу Сейитбек Атамбаевдин кайынатасынын үйүнө сактоо үчүн таштаган баштыкты тапты. Анда акча адамдардын тизмеси жазылган барактар чыкты.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн тараткан маалыматта айтылат.

ИИМ 8-августтан 9-августка караган түнү Кой-Таш айылында Сейитбектин кайынатасы Ж.М. үйүн тинтүүгө алган. Анда Атамбаевдин уулу калтырып кеткен баштык табылып, анын ичинен 170 миң сом акча, жашаган жери, телефон номерлери көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси табылган. Мындан сырткары 2 миллион 225 миң сом жана 318 миң АКШ долларына барабар болгон жалпы чыгымдар боюнча маалымат жазылган барактар чыккан.

Алдын ала маалыматында ИИМ муну Атамбаевди колдоо митингине катышкандарга төлөнө турган каражат деп болжолдойт.

"Алдын ала маалымат боюнча бул каражаттар митингдин катышуучуларын жана башаламандыкты уюштуруучуларга төлөнгөн каражаттар. Бул тизме кылдат иликтенип, бул боюнча мыйзамдуу чечим чыгарылат”, - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, 16-августта мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева күч органдары уруксат берүүчү эч кандай документтерди көрсөтпөстөн эле кудаларынын үйүнө тинтүү жүргүзгөнүн айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-atambaevdin-kudasynyn-jnn-iri-lchmdg-akcha-zhana-chygymdar-zhazylgan-baraktar-tabyldy



Добавить комментарий