ИИМ: Атамбаевдин балдары баш аламандыктар боюнча күбө катары кармалган

10 октября 2020 19:13 795 Barometr
Поделиться в:
ok

Алмазбек Атамбаевдин балдары массалык баш аламандыктар фактылары боюнча күбө  катары кармалган. Бул тууралуу ИИМдин Басма Сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Учурда 2020-жылдын 9-октябрындагы Бишкек шаарындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 264-беренесинин (Массалык баш аламандыктарды уюштуруу) негизинде иш козголуп ал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын атайын кызматтары тарабынан 1998-жылы туулган Т.Султанбеков, 1976-жылы туулган С.Атамбаев, 1981-жылы туулган А.Арматов жана 1993-жылы туулган К.Атамбаевдер күбө катарында кармалып ИИМдин Тергөө кызматына алынып келинген.

Учурда Кадыр Атамбаев менен С.Атамбаев тиешелүү көрсөтмөлөрүн күбө катарында  бергенден кийин үйлөрүнө койо берилди. Ал эми Темирлан Султанбеков менен А.Арматов ИИМдин Тергөө кызматында күбө катарында көрсөтмөлөрүн берүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/iim-atambaevdin-baldary-massalyk-bash-alamandyktar-faktylary-boyuncha-kb-katary-karmalgan



Добавить комментарий