ИИМ: Аскерлер арасында профессионалдуу текбол чеберлерин даярдоо пландалууда

2 декабря 2020 19:23 773 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Ички аскерлеринин Колбашчысы  Республикалык спорт федерацияларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу ИММдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 2-декабрда ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгында Ички аскерлердин Колбашчысы полковник Кенжекулов Исламбек менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик олимпиядалык комитетинин генералдык катчысы Эргешов Саламат, “9х19” спорттук комплексинин генералдык директору Тарасов Артем жана Кыргыз Республикасынын текбол федерациясынын президенти Чолпонбек Жумашүкүров жолугушту.

Эки жак ар тараптуу жана натыйжалуу кызматташууну түзүүнү талкулашты. Келечекте эл аралык ок атуу жана текбол боюнча мелдештерге катышуу үчүн аскер кызматкерлеринин ичинен профессионалдуу спорт чеберлерин даярдоо пландалууда.

Жолугушуунун соңунда Жумашүкүров аскер кызматкерлерине 2 текбол столун белекке тапшырды.

Маалымдоо үчүн: Текбол-бул жалгыз оюнда эки оюнчу жана түгөйлүү үч же төрт оюнчу катышат. Оюн стол үстүндөгү теннис оюнун элестетет. Оюнга ийилген стол жана топ колдонулат, топту колдон башка дененин бүткүл жагы менен соккуга алса болот. Азыркы күндө бул оюндун түрүнө олимпиядалык статус берүү каралууда. Текбол 2014-жылы Венгрияда муруңку профессионалдуу футболчу Габор Боршани жана IT адиси Виктор Хусар тарабынан ойлонуп табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-askerler-arasynda-professionalduu-tekbol-cheberlerin-dayardoo-plandaluuda



Добавить комментарий