ИИМ Академиясынын ардагери Эшенкул Усубалиевдин сөөгү жерге берилди

10 января 2020 17:43 2486 Barometr
Поделиться в:
ok

Эшенкул Усубалиев 8-январда 88 жашында каза болгон. Анын сөөгү 10-январда жерге берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

КР ИИМдин Академиясында өткөн жерге берүү зыйнатына күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү каышып, топурак салышты.

Усубалиевди акыркы сапарга узатуу учурунда ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев Ички иштер министрлигинин академиясынын жеке курамы оор жоготууга учураганын билдирди.

Ички иштер  министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин атынан Эшенкул Усубалиевдин жакындарына жана туугандарына, ИИМ Академиясынын жеке курамына көнүл айтты.

Өмүрзаков өз сөзүндө СССР ИИМдин Фрунзедеги атайын мектебин түзүүнүн башында Эшенкул Усубалиев турганын белгиледи.

"Ал өзүнүн өлкөсүнүн чыныгы патриоту, мээримдүү жана чынчыл адам эле, анын элеси ар дайым жүрөгүбүздө кала берет”, - деди Өмүрзаков.

Эшенкул Усубалиев 1932-жылы 14-мартта Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында туулган. 1960-жылы РСФСРдин ИИМдин Жогорку мектебин, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары ССРдин ИИМдин түзүмдөрүнүн биринин башчысынын орун басары кызматын аркалаган. Андан соң 1962-жылдан 1970-жылга дейре Кыргыз ССР ИИМдин Укуктук тартипти сактоо жаштар отрядынын Ички жана күзөттөө отрядынын 249-өзүнчө отрядынын пропагандалоо жана үндөө боюнча инструктору болуп иштеген.

1970-1983-жылдар аралыгында Кыргыз ССР ИИМдин саясий тарбиялоо иши боюнча бөлүм башчысы кызматында иштеген. 1983-жылдын январь, февраль айларында СССР ИИМдин атайын орто мектебинин башчысы болуп иштеп, ардактуу эс алууга ушул кызматтан кеткен.

Эс алууга чыккан соң Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Академиясынын Ардагерлер кеңешин көп жылдар бою жетектеген.

Көп жылдык эмгегинин натыйжасында Эшенкул Усубалиев 50гө жакын орден-медалдар менен сыйланып, республикадагы укук коргоо системасынын өнүгүүсүнө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымын кошкон. 

Усубалиев жети кыз, бир уулдун атасы, 16 небере, 18 чөбөрөнүн чоң атасы болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-akademiyasynyn-ardageri-eshenkul-usubalievdin-sg-zherge-berildi



Добавить комментарий