ID-паспортко жарандын улутун көрсөткөн графа кайрадан киргизилди

15 декабря 2020 12:27 1771 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын жарандарынын идентификациялык картасына – ID-картасына этностук таандыкты көрсөтө турган графа киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Конституциялык палата паспортко этностук таандык графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилиген чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.

Ссылка: https://barometr.kg/id-kartaga-pasportuna-zharandyn-ulutu-tuuraluu-grafa-kirgizildi



Добавить комментарий

  • Жаркынай 3 года назад
    Мен Өзбекстанда туулуп өскөнмун ,Кыргызстанга келгениме 10 жыл болду паспортумду жоготуп алып ,бул жактын жарандыгын алалбай жатам,улутум кыргыз,жашым 43то туулгандыгым жөнүндөгү күбөлүгүм эле бар ,жэ ал жакка баралбай же бул жактан паспорт алалбай кыйналып атам ,туулгандыгы тууралуу күбөлүк Совет убагындагы болсо , жарандык алуу мумкунчулугун киргизсениздер деген сунушум бар сиздерге