Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол аянтчасы ачылды
ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спорту үчүн аянтчанын ачылышы болду. Бул тууралуу ИИМдин ИКАКтын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 29-сентябрда ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спорту үчүн аянтчанын ачылышы болду. Иш-чарага ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов, волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышев, федерациянын вице-президенти Жеңиш Казалаков, колбашчылыктын жана аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.
Колбашчы Исламбек Кенжекулов волейболдун тарыхына жана анын Кыргызстандагы өнүгүү жолуна кайрылып, жаштарды тарбиялоодогу маанилүүлүгүнө токтолду. Андан сырткары, Ички коопсуздук аскер кызматында волейбол спортун өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылыгын билдирди.
Салтанаттуу иш-чаранын аягында ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аялдар командасы менен Бишкек шаарынын “Улар” курама командасынын ортосунда мелдеш уюштурулду.
Ссылка: https://barometr.kg/ichki-koopsuzduk-asker-kyzmatynda-volejbol-ayantchasy-achyldy
Добавить комментарий ×