ИИМ: Эл аралык карылар күнүнө карата Сүйүн Өмүрзаков ардагерлер менен жолукту

1 октябрь 2019 12:31 1542 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын 1-октябрында бардык өлкөлөрдө Карылар күнү белгиленет. Бул күнү улуу муунга сый-урматын көргөзүшүп, алардын акылмандыгын, тайманбас кайраттуулугун, өмүрүндө жетишкен ийгиликтерин сыймыктануу менен белгилешет. 

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Бул күнгө утурлай, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин атынан, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору С. Өмүрзаков ички иштер органдарынын ардагерлери-Ешенкул Усубалиевди, Акын Шаршенованы майрамы менен куттуктады.

"Бул майрам-улуу муунга сый-урмат көрсөтүү менен алардын алдында таазим кылуучу күн. Мыйзамды жана тартипти сактоо үчүн, жарандардын кылмыштуу топтордон жана башка кылмыштуу иш-аракеттерден коргоого өзүңүздөрүн өмүрүңөрдү арнагандыгыңар үчүн сиздердин алдыңыздарда таазим кылабыз. Сиздердин араңыздардан көп арадагерлер жаш кызматкерлерди профессионалдыкка жана мекенчилдикке тарбиялоодо активдүү катышууда. Ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук тартипти сактоодо сиздердин салымыңар баа жеткис. Сиздерге жардам көрсөтүү, колдоо-биздин маанилүү тапшырмаларыбыздын бири. Сиздерге бекем ден соолук жана узак өмүр каалайм",-деп Сүйүн Өмүрзаков куттуктады.

Ардагерлер менен алардын туугандары конокторду жылуу тосуп алышып, милициянын күнүмдүк ишиндеги окуяларды эскеришти.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ИИМдин Борбордук аппаратынын 61 ардагерине жана каза болгон ардагерлердин жубайларына майрамга карата ар бирине 1000 сомдон жана азык-түлүк продуктулары тапшырылды.


Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministrinin-birinchi-orun-basary-sjn-mrzakov-ardagerlerdi-kuttuktady



Добавить комментарий