Ички иштер министри Ысык-Көл облусуна барды. 2016-жылы башталган аймактык милициянын имараты бүтө электиги айтылды

4 марта 2019 13:26 1199 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 2-3-март күндөрү Ысык-Көл облусунун аймактык бөлүмүнө барып, ички иштер органдарынын шаардык, райондук бөлүмдөрүнүн кызмат өтөөлөрүн текшерди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

ИИМдин башчысы өзүнүн иш сапарынын жүрүшүндө негизги маселелеринин бири болгон 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген жана соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдар менен кодекстердин талаптарын аткарууларын караган. Аймактык бөлүмдөрдө нөөмөт бөлүктөрүнүн, тергөөчүлөрдүн, алгачкы тергөөчүлөрдүн, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн кызматтык мекемелери менен иш бөлмөлөрүнүн шарты менен таанышып, Бузуулардын биирдиктүү реестринин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин электрондук китепчесинин иши боюнча кызматкерлердин билүү деңгээлдерин текшерди. 

"Андан сыткары, Жети-Өгүз районундагы өзүнүн иш сапарынын маалында министр аймактык милициянын имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Министр менен болгон баарлашууда, курулуш фирмасынын өкүлдөрү жаңы имараттын курулуш иштери 2016-жылдын август айында башталганын, азыркы учурда 80 % аяктап калгандыгын кабарлашты.Курулуш ишинин негизги бөлүгү аяктап, жасалгалоо жана аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Имаратты Милиция күнүнө карата тапшыруу пландалууда, деп билдиришти. Райондук милициянын жаңы имараты, административдик имарат катары эсептелгендиктен, бул жакта жетекчиликтин, ыкчам-башкаруучулук курамдын, тергөөчүлөрдүн иш-бөлмөлөрү, криминалдык-эксперттик кызматтын лабораториясы жайгаштырылган. Ошондой эле милиция кызматкерлери үчүн машыгуу залы жана жыйындар залы каралган"-деп жазылат ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында. 

Ошондой эле, ИИМдин башчысы жыйында өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарууларын, өздөрүнө тиешелүү аймактарына ылайык жоопкерчиликтүү мамиле кылуулары боюнча тапшырмаларды койгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministri-ysyk-kl-oblusuna-bardy-2016-zhyly-bashtalgan-ajmaktyk-miliciyanyn-imaraty-bt-elektigi-ajtyldy



Добавить комментарий