Ички иштер министри өздүк курамды кесиптик майрамы менен куттуктады (сүрөт)
Ички иштер министр Улан Ниязбеков кесиптик майрамы менен кесиптештерин куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
КРын ички иштер министри Улан Ниязбеков кесиптик майрамга карата ички иштер органдарынын өздүк курамын куттуктап, кезектеги атайын наамдарды, ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери 1-ноябрь күнү өздөрүнүн кесиптик майрамы-КРнын милициясынын күнүн белгилешет. Бул майрам 1924-жылы 1-ноябрь күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда милициянын түзүлгөндүгүн күнүнө байланыштуу, КРнын Ички иштер министрлигинин сунушу менен 1993-жылы бекитилген. Быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгы белгиленүүдө.
Кыргызстандын басып өткөн жолунда ички иштер органдары жарандарды коргоодо жана мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү ролду ойноду. Бүгүнкү күнү миңдеген милиция кызматкерлери ишине болгон эрктүүлүгү жана кайраттуулугу менен өз өмүрлөрүн жана ден соолуктарын тобекелдикке салып, бычактын мизинде туруп кылмыштуулукка каршы турууда.
“Урматтуу кесиптештер, ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жарандардын бейпил жашоосу, өлкөнүн коопсуздугу, тынчтыгы, мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшү үчүн кызматыңарды өтөөдөсүңөр. Сиздер жогорку сый-урматка татыктуусуңар.
Сиздер күнүмдүк ишмердүүлүгүңүздөрдө мыйзамдуулукту сактап, жарандардын укуктарын коргоодосуздар. Өлкөдө орун алган социалдык-экономикалык, саясий шарттарда жоопкерчилик мындан дагы көбөйүүдө. Ошондуктан милицияда өз кесибин сүйүп, ага жоопкерчилик жана абийир менен мамиле кылып, курч маселелерди тиешелүү деңгээлде жана өз убагында чечкен кесипкөйлөр иштөөдө.
Урматтуу кесиптештер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап жатып, бекем ден соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалап кетмекчимин”,-деп ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков куттуктады.
Андан соң, куттуктоо сөзү менен КРнын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы чыкты.
“Кесиптештер, сиздерди биздин кесиптик майрамыбыз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Милиция кызматкерлеринин кызматы-бул биздин өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүнүн, жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги. Биз баардыгыбыз таза иштеп, жүзүбүз жарык болсун. Бул майрам күнү барыңыздарга, үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, бейпилдик, тынч кызмат өтөөнү, Мекенге кызмат кылууда ийгиликтерди каалайм”,-деди ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев.
Ошондой эле, кызмат учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болгон милиция кызматкерлери дагы эскерилди.
Салтанаттуу иш-чара бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен өткөндүгүн белгилеп кетүү керек. Ушуга байланыштуу, куттуктоо үчүн кызматкерлердин бир бөлүгү катышты. Калган милиционерлер өз бөлүктөрдүндө майрамга карата сыйланышты.
Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministri-kesiptik-majramy-menen-kesipteshterin-kuttuktady-srt
Добавить комментарий ×