Ички иштер министри Баткенге иш сапары менен барды (сүрөт)

4 сентября 2020 11:10 949 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев 3-сентябрда Баткенге иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Иш сапардын жүрүшүндө Джунушалиев Кадамжай РИИБнүн имаратынын курулушу, Лейлек районундагы Кулунду айылындагы ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын имаратынын курулуш иштери менен таанышты жана Кадамжай, Лейлек районунун ИИБдин өздүк курамы менен жолукту. 

Ошол эле күнү Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын имаратынын жаңыдан башталган курулушу менен таанышып, андан соң Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында Баткен ОИИБнын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Ушуга эле катар, Лейлек районундагы Кулуңду айыл аймагындагы Интернационал айылында жайгашкан  ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын имаратынын курулуш иштери менен кеңири таанышты.

Баткен областында жайгашкан ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскердик бөлүгү Баткен облусунун ички иштер органдары менен биргеликте коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо.Чек ара аймактарында коомдук тартипти сактоо жана стратегиялык маанилүү объекттерди кайтаруу боюнча кызматтарды аткарып, коомдук тартипти сактоо тапшырмаларын аткарып турушат.

Ушул жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоого карата көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын, мыйзамдуулукту сактоо боюнча бир катар уюштуруу иштеринин сапатын жогорулатуу керектигин айтып өттү. «Ар бир кызматкер алдына коюлган талаптарга жоопкерчилик менен мамиле жасаш керек, биздин милдет элдин тынчтыгы»,- деп өз сөзүн жыйынтыктады министр.

Ссылка: https://barometr.kg/ichki-ishter-ministri-batkenge-ish-sapary-menen-bardy-srt



Добавить комментарий