Ички аскерлер Куралдуу Күчтөр күнүн белгилешти

28 мая 2021 16:11 2095 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 28-майда ИИМдин Ички аскерлеринде КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Иш-чарага ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары полковник Дамир Алыбаев, Ички аскерлеринин өздүк курамы, ардагерлери жана өз ара аракеттенүү органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Өз сөзүндө полковник Дамир Алыбаев Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери 1999-2000-жылдарда Чаткал, Баткен окуясында, ушул жылдын 28-29-апрелиндеги Баткен облусундагы куралдуу тирешүүсүндө өлкөнүн коопсуздугун сактоодо зор салымдарын кошушкан деп белгилеп өттү.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө бир катар аскер кызматкерлер, ардагерлер жана коноктор грамота, төш белги жана баалуу белектер менен сыйланышты.             

Иш-чаранын майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/ichki-askerler-kuralduu-kchtr-knn-belgileshti



Добавить комментарий