Садык Шер-Ниязга Казакстандын “Достык” ордени ыйгарылды
“Айтыш” коомунун негиздөөчүсү Садык Шер-Ниязга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Достык” орденин ыйгарды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Ибраим Нуракун уулунун соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Кээде алтындан да кымбат нерселер бар. Аптанын аягында жакшы бир кабар угуп, кубанып олтурам. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казакты акыркы отуз жылдан бери тынбай айтыштырган "Айтыш" коомунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз агага "Достык" орденин ыйгарыптыр. Маалымат расмий чыга элек. Бирок бул чын болсо анда Казакстандын бийик даражалуу сыйлыктарынын бирин алган болот.
Буга чейин "Достык" ордени белгилүү актрисабыз Айтурган Темировага берилген жаңылбасам. 2000-жылдардын башында Саламат Садыкова эжебиз да Казакстандын эл артисти деген наамга татыганда аябай кубанганбыз. Ылайым кыргыз-казак достугу, маданий байланыштары өркүндөй берсин! Казак баурларга ырахмат. Ал эми Садык аганы чын дилден куттуктайм!”, - деп жазган ал.
Ссылка: https://barometr.kg/ibraim-nurakun-uulu-sadyk-sher-niyazga-kazakstandyn-dostyk-ordeni-yjgarylyptyr
Добавить комментарий ×