Ахматбек Келдибеков: 400дөн ашык айылдын маселелерин чечкенге 12 министрлик жетишпейт

25 ноября 2021 11:44 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы, “Азаттык” партиясынан парламенттик шайлоого талапкерлегин койгон  Ахматбек Келдибеков шайлоочулардан келген суроолорго  жооп берүүдө.  

-Коомчулук аткаруу бийлигине, элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө  нараазычылыгын билдирип келишет. Мисалы, айыл өкмөттөр министрликтерге кайсыл бир маселе менен барып, колундагы документине кол койдура албай убара тартышат. Ошентип айылдагы маселени чечүүнү самаган айыл башчынын иши  кечеңдегенин айтышат. Ал эми катардагы жарандарга бүгүн кел, эртең кел деген жагдай күн сайын боло турчу көрүнүш дешет?  

-Биз эки деңгээлдеги бюджетти түзүп алдык. Көрсө  ага азыр даяр эмес экенбиз. Өлкө аймагындагы 400дөн ашык  айылдын  маселелерин чечкенге борбор калаадагы 12 министрлик жетишеби.  Жок жетишпейт. Анткени, айыл өкмөттөгү  маселелер жеринде чечилиши керек.  Аким, айыл башчылар КРнын Минстрлер кабинетине айылдагы көйгөйдү айтып, аны чечип берүүсүн суранып  кат жазуусу талап. Алардын  каты Министрлер кабинетинин төрагасына жеткенче  бир топ убакыт өтөт. А  айылдагы көйгөй чечилбеген бойдон кала берет. Жаңы мыйзам  боюнча акимдерге бийлик берилди.  Бул эң туура. Бирок, акимге бийлик бергенге жараша бюджетин дагы өздөрүнө бериш керек. Бир кызматкерди иштен алып, же ордуна бирөөнү коюу акимдин түздөн түз милдети эмес.  Анын милдети айылдардагы ар бир көйгөйдү чечүү. Мисалы,  бир айылда  кичинекей көпүрө урап калыптыр. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  качан бюджетин түзүп берсе анан оңдолот деп күтүп отурашат.  Акимдин түздөн түз милдети ошол көпүрөнү оңдоо. Курулуш каражаттарын алып оңдоп койсо болот да. Жок, борбордо турган минстрликти күтүп  отурушат. А министрлик бюджетин түзүп, оңдолсун деп чечим чыгарганча айыл эли жапа чегип,  көпүрөдөн  өтүү коопсуздугу күчөп, же бир айыл менен экинчи айылдын катышы токтоп тура берет. Райондук бийликти күчтөндүрүүнү максатында райондук бийликтин бюджетин да өздөрүнө берүүбүз керек. Ошондо гана айылдардагы көйгөй азаят. Өлкө аймагындагы 400 дөн ашык айылдын маселелерин бир кабинет министри башкара да, чече да албайт.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ахматбек Келдибеков шайлоого катышып жаткан “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын тең төрагасы болуп эсептелет.“Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №15 катар номери менен катышууда.

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 25.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 


Ссылка: https://barometr.kg/hmatbek-keldibekov-shajloochulardan-kelgen-suroolorgo-zhoop-berd



Добавить комментарий