«Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалды

2 марта 2020 14:11 509 Barometr
Поделиться в:
ok

УКМКнын кызматкерлери Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

2020-жылдын 24-февралында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн диний экстремисттик топтордун жашыруун иштерин токтотуу багытындагы иш-чаралары учурунда «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү, КР жарандары 1993-жылы туулган К.Э.М., 1995-жылкы О.у.Ш. жана чектеш мамлекеттин жараны 1986-ж.т. Ю.Р.О. кармалды.

Жашаган жерин тинтүүдө диний адабияттар, аудио жана видео аппаратуралар табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Бул факт боюнча материалдар КР Кылмы-жаза кодексинин 313- (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) жана 315-(Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 

Кармалган адамдар УКМК тергөө абагына киргизилип, иликтөө жүрүп жатат. 

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик тобу, 2003- жылдын 20-августунда КР Жогорку сотунун токтомуна ылайык экстремистик деп табылып, КР аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Ссылка: https://barometr.kg/hizbut-tahrir-al-islami-dinij-ekstremisttik-tobu-karmaldy



Добавить комментарий