«Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды
Жакында идеделип жаткан «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалымат боюнча «КР УКМК диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун “амири”, коңшу мамлекеттин жараны «Ш.Т.» аттуу жаран кармалды. Ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн», -деп айтылат.
УКМКнын маалыматына таянганда, кармалган адам коңшу мамлекеттердин биринде «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. «Ш.Т.» жасалма паспорт колдонуп, Кыргызстандын аймагында экстремисттик аракеттерин жасап жүргөн.
Кармалган адам Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камалган, тергөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/hizb-ut-tahrir-dinij-ekstremisttik-uyumunun-mchs-karmaldy
Добавить комментарий ×