Хирургдар жарды үй-бүлөлөрдө төрөлгөн эрини жырык жана таңдайы жок балдарга бекер операция жасашат

29 мая 2019 10:55 2342 4 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошентип, бишкектик стоматолог Васиф Раджов тарабынан башталган «жакшылык эстафетасы» уланды. Тагыраагы, Бишкекте аты таанымал Nova Clinic эстетикалык медициналык борборунун пластикалык хирургдары Максут Кадыров жана Руслан Ешходжаев жарды үй-бүлөлөрдө төрөлгөн эрини жырык жана таңдайы жок балдарга бекер операция жасашат.

 «Акциянын негизги «Жакшылык жасайлы!» деген максаты – эрини жырык жана таңдай жок балдардын жашоосун өзгөртүү. Акция ыйык Рамазан айынын урматына башталган, бирок муктаж болгондордун абдан көп болгондугунан бул акция узартылат. Мындай операцияга болгон суроо-талаптар абдан көп, андыктан биз кымбат турган мындай операцияга каражат таба албаган жакыр үй-бүлөлөргө жардам катары операцияны бекер кылууну чечтик. Адамдын бети анын өзүнө, ал тургай келечек жашоосуна болгон ишенимин  арттырат эмеспи. Биз дагы балдардын бактысыз болбой, жашоодо жеңил жана ишенимдүү өмүр сүрүүсү үчүн жардам бергибиз келет», - дейт борбордун маркетологу Салтанат Салкунбаева.

Ссылка: https://barometr.kg/hirurgdar-zhardy-j-bllrd-trlgn-erini-zhyryk-zhana-tadajy-zhok-baldarga-beker-operaciya-zhasashat



Добавить комментарий

  • Кайырма 6 лет назад
    Саламатсыздарвы мен баламды тандайыны операция жасатайын дедим эле турмуш тиричилике байланышту жасата албай жатам жасатканга шартым жок озум жалгызмын турмушум тилеке карышы болбоду .Сиздерден жардам сураймын баламды операциясыга жардам бериниздер.
  • Кайырма 6 лет назад
    Кадамжай району алга айылы 0703329726 ,0770191619
  • Саламатсыздарбы менин балам да 31 январда тандайы жырык нышаны менен торолду мындайды эч укпаган экем интернеттен көрүп кичине озумо келдим .операция кылса жакшы болот деп өзүмдү тынчтандырып жатам биз ош шаарында турабыз .кантип байланышсак болот .
  • саламатсыздарбы мен балама хирургиялык операция жасатайын ледим эле.балам 2 ай болду ращирен верхней губы и неба уй шартыма байланышту акчака каражатым жетишсиз жардам бере аласыздарбы