Харьковдо автобусту аткылап, бир адамды барымтага алып кетишти
27-августта Украинанын Харьков облусунун Люботин шаарында кичи автобусту аткылап кетишти. Бул тууралуу “Интерфакс-Украина” агенттигине шилтеме берип “Барометр” которду.
Окуя болгон жерде бир нече полициянын машинасы жана тез жардам унаалары тургандыгы кабарланды.
Соц тармакка маалым богондой, атайын күчтөр кичи автобусту курчоого алып, аткылап кеткен. Алдын ала маалыматта эки киши каза болуп, бирөө оор жаракат алып, бир кишинин барымтага алынганы айтылууда.
Харьков полициясы бул окуя кимдер тарабынан уюштурулган жана кичи автобустун ичинде жергиликтүү активисттер бар болчу деген маалымат боюнча үн ката элек.
Ссылка: https://barometr.kg/harkovdo-avtobustu-atkylap-bir-adamdy-barymtaga-alyp-ketishti
Добавить комментарий ×