Хабиб Уилл Смит менен таанышып, аны Дагестанга чакырды

1 февраля 2021 09:08 803 Barometr
Поделиться в:
ok

Жеңил салмактагы UFC чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 31-январь, жекшемби күнү Instagram баракчасына Голливуд актеру Уилл Смит менен биргеликте түшкөн сүрөтүн жарыялап, кино жылдызын Дагестанга чакырды. Бул тууралуу Нурмагомедовдун соцтармактагы барачасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«Мен Голливуддун легендасы менен тааныштым. Ал мүмкүнчүлүк болсо сөзсүз  Дагестанга барарын айтты", - деп жазды Нурмагомедов.

Ошондой эле, ал англист тилинде кино жылдызы менен жолугушканына кубанычта экендигин жана Дагестандан Смитти чыдамсыздык менен күтөрүн жазган.


Маалым болгондой, буга чейин орусиялык мушкер Нурмагомедов ММАдагы карьерасын аяктагандан кийин "КамАЗ" футболдук клубуна чакырылган. Ага чейин ал өзү футболго кызыгарын айткан. Кийинчерек, Нурмагомедов БАЭнин борбору Абу-Дабидеги машыгуу ордосунда орусиянын "Спартак" футболдук клубунун оюнчулары менен машыгууга жетишкен.

Январь айынын аягында орусиялык промоутер Вадим Финкельштейн Нурмагомедов бир-эки жылдан кийин чоң спортко кайтып келерин алдын ала айткан.

Нурмагомедов 2018-жылдын 7-апрелинде америкалык Эла Яквинтаны бир добуштан жеңип, UFC чемпиону болгон. Ал үч жолу чемпиондук курун коргоого жетишкен. Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор жана америкалык мушкерлер Дастин Порье жана Джастин Гэтжиге каршы күрөштө титулун ийгиликтүү коргой алган. Акыркы мушташынан кийин орусиялык мушкер спорттогу карьерасын ушуну менен жыйынтыктай тургандыгын жарыялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/habib-uill-smitt-menen-taanyshyp-any-dagestanga-chakyrdy



Добавить комментарий