Хабиб Нурмагомедовдун агасы мушташта оор нокаут менен жеңилди
Аралаш мушташ (ММА) түрү боюнча россиялык мушкер, Хабиб Нурмагомедовдун агасы Шамиль Завуров корейлердин Road FC промоушен Гран-при мелдешинин жеңил салмактагыларынын финалында франциялык мушкер Мансур Барнауиге жеңилди.
Таймаштын үчүнчү бөлүгүндө Барнауи орусиялыкты тизеси менен бетке тепкен. Катуу соккудан Завуров октагондо эс-учун жоготкон абалда кулап, калыс аны нокаут менен жеңилди деп эсептеди.
Эске сала кетсек, бул таймашта агасына секундант катары катышкан UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов агасын колдоп, кандай болгон күндө да «биз үчүн жашоодо арстан бойдон» каларын айткан.
«Жараткан бизге эмне керек, эмне керек эмес экенин эң жакшы билет. Сен ар дайым биз үчүн жашоодо арстансың жана арстан бойдон каласын», — деп Нурмагомедов Instagram баракчасына жазган.
Ссылка: https://barometr.kg/habib-nurmagomedovdun-agasy-mushtashta-oor-nokaut-menen-zheildi
Добавить комментарий ×