Хабиб Нурмагомедов UFCге кайрылуу жасады

12 октября 2018 09:50 2162 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFCге кайрылуусу менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө: "Мага бериле турган гонорарды  ушул күнгө чейин бербей жүрөсүңөр, мага ал акчанын кереги жок, тамагыңарга тыгылып калбаса болгону. Негизгиси биз өзүбүздүн намысыбызды коргодук жана аягына чейин барууга даярбыз" -деп жазды.

Буга кошумча Нурмагомедов озунун кесиптеши Зубайр Тухуговко карата кабыл алынган чечимге да каршы экендигин билдирди.

Эске салсак үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында болуп өткөн UFC чемпиондугунда Нурмагомедов менен Конор Макгрегор беттешип Хабиб жеңишке жетишкен. Мушташ аяктагандан кийин Нурмагомедов  тордон секирип атаандаш тараптын колдоочуларына кол салган. Бул окуядан кийин мушкердин досу Зубайр Тухуговдун ирландиялык мушкер Артём Лобов менен болгон беттеши да токтотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/habib-nurmagomedov-ufcge-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий