Хабиб: Мушкер болом деп кыялданган да эмесмин
UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов кичинекей кезинен футболго кызыгып, атактуу футболчу болуу тилеги орундалбай калганын айтты. Бул тууралуу Нурмагомедовдун соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Мен кичинекей кезимден футболдун күйөрманымын. Футболчу болуу да менин бала кездеги кыялымдын бири. Бирок, өзүңүздөр билесиздер Дагестанда балдарды көпчүлүк ата-энелер күрөшкө тарбиялашат. Ким билет, балким Криштиано Роналду Дагестанда төрөлсө ал да UFCнин чемпиону болмок.
Менин оюумча футбол - бул чыныгы спорт. Кийинчерек сиздерге бала кездеги футболго болгон кызыгуум тууралуу кененирек айтып берем. Мен интернет жок кезде 200дөн ашуун футболчунун таржымалын жатка билчүмүн", - деп жазды Нурмагомедов.
Ошону менен катары эле, ал легендарлуу стадиондо олтуруп футбол көрүү буюрганына чексиз кубанычта экенин билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/habib-mushker-bolom-dep-kyyaldangan-da-emesmin
Добавить комментарий ×