Хабиб Моргенштернди катуу сындап, аны "жинге" теңеди

25 марта 2021 13:21 3030 Barometr
Поделиться в:
ok

Жеңил салмактагы UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов башка россиялык мушкерлер жана спортчулар менен бирге популярдуу рэпер Моргенштернди катуу сынга алып, аны "жин" деп атады. Бул тууралуу Нурмагомедовдун инстаграмдагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Чындыгында баалуулуктар өзгөрдү, бул жерде эң жаманы сени балдар көрүп жатат. Саша сенин көрсөткөн жаман адаттарың балдарга эң жаман таасир берет. Биздин өлкөдө көзөмөл жүргүзүп, ордуна койо турган кандайдыр бир тартип органы пайда болот деп ишенем", - деп жазды Хабиб.

Буга чейин, дзюдочу Дмитрий Носов, мушкер Денис Лебедев жана башка белгилүү спортчулар Моргенштернди өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу баңгизатты ачык жайылтууга салым кошуп, балдарды жана жаштарды азгырууда деп айыпташкан.

Спортчу Александр Шлеменко Sport24 сайтына берген маегинде рэпердин концерттерине тыюу салуу керек экенин айтып, анын ырлары жаш муунга терс таасирин тийгизерин билдирген.

"Эгер биз унчукпай отура берсек, канчалаган жаш муун рэпердин азгырыгынан жабыркап калышы мүмкүн", - деди ал.


Белгилей кетсек, Россиялык рэпер жана блогер Алишер Моргенштерндин инстаграм баракчасында 6 миллиондон ашуун катталуучусу бар. Ал өзүнүн өзгөчөлөнгөн стили жана этикага туура келбеген ырлары менен атактуулукка жеткен. Ал клиптери аркылуу наркотикалык каражаттарды ачык даңазалап, жылаңач кыздарды бийлетип тартып, коомулуктун көңүлүн бурдуруп келет. Анын 2020-жылда тартылган «Пососи» ырынын клибин Youtube каналында 2,1 миллион көрүүчү дизлайк басып, рекорд койгон.

Ссылка: https://barometr.kg/habib-morgenshterndi-katuu-syndap-any-zhinge-teedi



Добавить комментарий