Хабиб Конорду сындырдыбы? Макгрегор медициналык себептерден улам бир айга спорттон четтетилди
Поделиться в:
Невада штатынын атлетикалык комиссиясы Конор Макгрегорду бир айга спорттон четтети. Мындай чечим Конора Макгрегор текшерүүдөн өткөндөн кийин, медициналык себептерден улам кабыл алынган. Мындан улам Ирландиялык спортчу 2018-жылдын 6-ноябрына чейин октагонго чыга албайт. Ошол эле учурда ага 28-октябрга чейин спорт менен машыгууга да тыюу салынды.
Ал эми Хабиб Нурмагомедов да бардык текшерүүлөрдөн өткөн. Ага карата дарыгерлер чектөө киргизген жок.
Белгилей кетсек, Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттеши 7-октябрда өткөн. Анда Хабиб Макгрегорду 4-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алган. Бул беттештин аягы массалык мушташ менен аяктаган болчу.
Добавить комментарий ×