Хабаровскиде ФКК имаратына чабуул кылгандар соттолду. Анда Кыргызстандын жараны жарадар болгон

25 мая 2019 13:32 1114 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын Хабаровск шаарында Алыскы чыгыш аймактык аскер соту «Штольц» экстремисттик тобунун эки мүчөсүнө карата өкүм чыгарды.

«Хабаровский край сегодня» МА маалыматына караганда, алар 2017- жылы ФКК аймактык башкармалыгына кол салууну уюштурууга катыштыгы бар деп айыпталган. 

21-апрелде, жергиликтүү саат 17.02де Хабаровскидеги ФКК кабылдамасына  17 жаштагы Конев кирип, ал жердеги адамдарды аткылап баштаган. Ал жерде  ФКК кызматкери Яков Хасанов жана кабылдамада отурган Өзбекстандан барган котормочу Бехзод Ашуров каза болгон жана Кыргызстандын жараны, котормочу Талант Аскарович Жумаев (1980-жылы туулган) оор жаракат алган.

Натыйжада кыргыз жараны үч ирет оор операцияны башынан өткөргөн.

Ал эми Конев ошол жерде жок кылынган.  Ал техникумда студент болуу менен  «Штольц» экстремисттик тобунун мүчөсү болгон.

Кийин топтун лидери Таланов кармалган. Экинчиси-1999- жылы туулган ӨКМ колледжинин студенти Лимонов болгон. Ал Коневге курал табууга жардам берген. Эки кылмышкердин биринчиси 26 жылга, экинчиси 9,5 жылга эркинен ажыратылды. 

Ссылка: https://barometr.kg/habarovskide-fkk-imaratyna-chabuul-kylgandar-sottoldu-anda-kyrgyzstandyn-zharany-zharadar-bolgon



Добавить комментарий