Гвинеяда аскерлер мамлекеттик төңкөрүш кылды

6 сентября 2021 10:35 1096 Barometr
Поделиться в:
ok

Гвинеянын атайын кызматынын аскерлери аталган өлкөнүн 83 жаштагы президенти Альфе Конданы бийликтен кетиришкенин жана өкмөттү таратышканын жарыялашты. Бул тууралуу bbc.com булагына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Жекшемби күнү Коргоо министрлиги төңкөрүш аракети токтотулганын билдирген болчу, бирок президент эмдигиче эл алдына чыга элек, ал эми телевидениеден козголоңчулар билдирүү берип жатат.

Аскерлер президент алардын колунда экенин, өлкөгө команданттык саат киргизилгенин, чек араны жаап, бүгүн дүйшөмбү күнү чукул жыйынга өкмөт мүчөлөрүн чогултарын айтышууда.

Өлкөнүн борбору Конакри шаарынын тургундарына үйдөн чыкпай отуруу буйругу берилди, бош калган көчөлөрдү аскерлер кайтарууда.

Ссылка: https://barometr.kg/gvineyada-askerler-mamlekettik-tkrsh-kyldy



Добавить комментарий