Гульмира Маматкеримова соттук реформанын тарыхый учурлары кандай болгонун түшүндүрдү
Маматкеримова Гульмира Рысбековна, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңештин мүчөсү. Ал Кыргызстандагы соттук реформа: негизги учурлары жана этаптары тууралуу айтып берди.
Кыргызстан 2010-жылы прогрессивдүү демократиялык соттук-укуктук реформаны жасоого жана бизге өткөндөн калган эски репрессивдик, жазалоочулук соттук-укуктук машина менен байланышты үзүүгө мүмкүндүк алды.
Бүгүн 2019-жылы биз жаңы соттук-укуктук системаны түзүүгө абдан жакын турабыз.
Өлкө 20-25 жылдык постсоветтик жылдарда толук өткөрө албаган өзгөртүп кайра курууларды ишке ашырууда.
Ушул жүрүмдөрдө өздүк тажрыйбадан сабактарды алуу, компромиссиз алдыга жылуу керек, каталарды кетирбөө, андан дагы билип туруп өткөн жылдарда реформаларды ишке ашырууну болтурбай салган кылмыш кылуудан оолак болуу маанилүү.
Бул макалада биз, мурда эмне үчүн жыйнактуу реформа болбой калган, эмне үчүн реформалар жарым-жартылай жана ийгиликсиз болгон, бул мыйзам ченемдүү болгонбу? деген суроолорду бербейбиз.
Бул жүрүмдө объективдүүлүк менен субъективдүүлүктүн салыштырмалуулугу кандай болгон? Өлкөнү жаңы деңгээлге чыгарууда жөндөмдүү альтернатива болгонбу, Эгерде альтернатива болгон болсо (ал дайыма болгон), анда биз аны кандай пайдаландык? Бул өзүнчө изилдөөнүн темасы болуш керек.
Бирок, алынган сабактардын бири, биздин реформатордук иштин, бул реформаны биз кантип жасадык деген негизги учурларын билишибиз керек? Каалаган реформанын тарыхый аспекти – бул жакшы таяныч жана мындан аркы өнүгүүгө коомдук-пайдалуу саясатты
иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк.
Көп убакытта азыркы саксаламаттыкта эмес, эмне үчүн дегенде ушул саксаламаттыксыздыктын
себептери өткөн мезгилде жашырылган.
Кайтадан жасабаш үчүн жана кайтадан окубастан (бардык учурда оор) өткөн этаптарды такай талдоо зарыл, тарыхый тажрыйбага таянуу керек.
Өткөндүн алгоритмин билбегендик сабактарды билбегендик үчүн жазалайт, өткөндүн каталары, эреже катары, акылга салып ойлонулбайт.
Өткөн учур адамдар аны кайрадан маани берип түшүнгүчө, ката алгоритмдерди аныктагыча жана бул өткөн учурду жаңы максат болжолу жана саясий эрк менен алмаштыргыча коркунучтуу түш
катары келе берет.
Аны жакшы билип жана каталарын алып салып, биз аларды келечекке кое бербейбиз.
Бул Кыргызстанда реформа, жекелеп айтканда соттук-укуктук реформаны жасап жаткандар үчүн сабак болот.
Биздин соттук реформанын тарыхый учурлары кандай болгон?
Эң ириде КР соттук реформаны үч чоң
этапка (үч чоң «толкун») бѳлсѳ болот:
1) советтик (1990-жылга чейин)
2) 1991-жылдан 2010-жылга чейинки мезгил (кѳзкарандысыздыктын биринчи жылдары, соттук системанын президенттик системанын шарттарындагы ѳнүгүшү) жана
3) 2010-жылдан кийин (пост-президенттик мезгилдин жана парламенттик системага ѳтүү шарттарында)
Советтик мезгил (1990-жылга чейин) Соттор совет мезгилинде мамалекеттик саясаттын инструменти болгон жана өзүнүн катышуусу менен сталиндик тазалоого катышуусу менен өкүнөрлүк белгилүү болгон.
Соттордун ишмердиги «абдан жакын байкоодо болуп жана тикеден-тике тыгыз контактта» жогорку партиялык мекемелер менен өтүшү керек», деген Лениндик уятсыз сөз белгилүү.
Эл аралык кризистик топтун «Кыргызстан: соттук системанын көйгөйлөрү» (2008-ж) деп аталган баяндамасында: «Советтик система сот бийлигин башкаруучу коммунисттик партияга баш ийдирди» деп сот системасына так мүнөздөмө берилген.
Укуктук система жогорку чиновниктердин бийлигинин чек коюучусу же мамлекеттик органдардын аракеттерине каршы конституциялык коргоо катары эмес, мамлекеттик саясаттын инструменти катары каралган Присяжный заседателдер соттору жана укуктук коргоо маданияты болгон эмес.
Адвокаттарга мамлекеттик күнөөлөдөн реалдуу коргоону камсыздоого уруксат берилген эмес.
Соттордун статусу көп кылмыш иштерин тергөөгө жооп берген, камоого ордер берүү жана иштерди сотко жөнөтүү укугуна ээ болгон прокуратуранын өкүлдөрүнүкүнөн төмөн болгон.
Ал өзүнүн өкүнөрлүк белгилүүлүгүнө сталиндик тазалоодогу ролу жана 1930-жылдардагы маскаралык процесстерге катышкандыгы менен ээ болгон.
Соттук-укуктук система ушундай көзкарандылыктын айынан бийликтин башка бутактарына жана институтарына караганда реформаларга абдан консервативдүү болуп калган.
Бул консервативдүүлүк акыркы убакка чейин Кыргызстанда чыныгы реформаларды жүргүзүүгө каршылык көрсөтүп келүүдө.
Көзкарандысыздыктын алгачкы жылдарындагы соттук реформа (1990-2010-жж)
Кыргызстан көзкарандысыздыкты алгандан кийин, өлкөнүн соттук системасы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду: улуттук сот бийлигинин бутагын куруу башталды, институттардын структурасы түзүлдү, Кыргызстандын биринчи мыйзам актылары, кодекстери кабыл алынды, судьялык кадрларды тандоо жана жайгаштырууга жооп берүүчү Президенттин алдындагы аттестациялык комиссия түзүлдү.
Тилекке каршы, соттук реформа аягына чейин жеткирилген жок, жана Кыргызстанда көзкарандысыз жана элдин ишеничине ээ болуучу соттук система түзүлгөн жок.
Ал советтик терс мурасты, жазалоо укук маданиятын жеңип чыга алган жок.
Ал сот адилеттигинин жана талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуучу инструменти боло алган жок.
Тескерисинче, адилетсиз жана коррупцияланган соттук система 2005-2010-жылдардагы толкундоолорго алып келди. Негизинен соттук системанын маңызы
эмес формасы гана алмашкан.
Соттук реформа маңызы боюнча РЕФОРМА деген формага гана ээ болуп, ал түзүлгөн институттардын маанисин, бул системада иштеген адамдардын менталдуулугун жана жүрүм-турумдарын өзгөрткөн жок.
Тилекке каршы, ФОРМА үчүн гана реформа болуп калган.
Парламенттик демократияны куруу
шарттарындагы соттук-укуктук
реформа (2010-2019-жылдар)
2010-жылы Кыргызстандын элинде адилеттүү соттук системага жаңы мүмкүндүк пайда болду.
Соттук-укуктук реформалоонун үчүнчү деп аталган толкуну башталды.
Өлкө өзүнүн башкаруу формасын алмаштырды.
Өлкө диктатуранын синоними болуп калган жана үй-бүлөлүк башкаруунун президенттик формасынан башкаруунун парламенттик формасына, парламенттик демократияга өтө баштады.
Эл президенттик институттан тышкары, сотторго да ишенбөөчүлүк көрсөттү.
2010-жылы Жогорку соттун ишинин бир нече күнгө чейин алсыраганын бардыгы жакшы билишет, судьялар өз сотторунун имараттарына кире албай калышкан, революциялык эл жогорку судьяларды, анын төрагасын соттун имаратына киргизбей коюшкандыктан, люстрация талаптары менен ондогон судьялар кызматтарынан бошотулган.
Конституциялык сот – конституциялык баланстарды байкап турууга милдеттүү болгон - конституциялык көзөмөл органы – коом тарабынан ага берилген миссияны аткара албагандыгы үчүн таркатылган.
Эл өзүнүн ушундай аракети менен соттук системаны реформалоону талап кылды.
Элдик толкундоолордун толкунунда эл бийликке соттук системаны реформалоо тууралу, соттор адилеттүү, таза, тунук, натыйжалуу, көзкарандысыз, саясий таасирден алыс, Конституцияны коргоочу, адамдын укуктарын жана эркиндигин жана жарандын эркиндигин коргоочу катары болушун, соттор «телефон укугуна» эмес укуктун үстөмдүгү принцибине баш ийиши боюнча олутту талаптарды койду. Конституциялык реформа (2010-ж)
Реформалоонун биринчи кадамы конституциялык реформа болду, анын жүрүшүндө соттук системанын, прокуратуранын, аткаруучу органдардын жаңы конституциялык алкагы түзүлдү.
Соттук бийлик биздин башкы мыйзамыбызда - Конституцияда – мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдары менен бирдей эле укуктагы жана өз алдынча катары белгиленген.
2010-жылдагы Конституция көзкарандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу соттук системасынын жол ачыктыктыгына жана анын тунуктугуна, көзкарандысыздыктын мурункуга караганда жогорку стандарттарын салды.
Конституция Кыргызстандын элинин укуктук мамлекеттин, көзкарандысыз жана натыйжалуу соттук системаны пайдасына болгон тандоосун
бекитти.
Мыйзамдарды Конституцияга ылайык келтирүү
Экинчи кадам соттор жөнүндөгү мыйзамдарды Конституцияга ылайык келтирүү менен байланыштуу болду. Бул абдан туура, логикалдуу жана шексиз болду, себеби, мыйзамдардын чоң көлөмү жаңы Конституцияга ылайык келбей калган эле.
Мунсуз эски соттук системаны кыйратуу мүмкүн эмес эле.
Натыйжада Кыргызстан мыйзамдарды жаңы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча ири иштерди баштады.
Мыйзамдаштыруу иштери 4 жылды камтыды.
Соттук-укуктук реформанын концепциясын иштеп чыгуу.
Мыйзамдарды иштеп чыгуудан мурда, Конституциядан, жаңы бийликтин соттук система жөнүндөгү көз карашынан келип чыккан концепциясын аныктоо зарыл болгон.
Ушул максаттар менен КР Президенти тарабынан 2012-жылдын январында КРда соттук системаны мындан ары реформалоо үчүн макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссия түзүлгөн.
Соттук системаны мындан ары реформалоо үчүн макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссиянын демилгеси менен 2012-жылдын 19-20-мартында
сот реформасы жөнүндөгү улуттук диалог
даярдалып, мамлекеттик, соттук жана
укук коргоо органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен
өткөрүлгөн.
Диалогдун максаты Кыргыз Республикасында соттук реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу болгон.
Комиссия көп күндүк конференция, форум, топтук дискуссиялардын отурумдары форматындагы талкуулардан кийин негизги кызыкдар тараптар менен соттук системаны реформалоо боюнча рекомендацияларды иштеп чыкты, жана Президенттин 2012-жылдын 8-августундагы «Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгы менен бекитилген.
Бул документ азыркы кезге чейин жүзөгө ашырылып жаткан Кыргызстандагы соттук-укуктук реформанын программасы болуп калды.
Ушул рекомендацияларга ылайык, соттук реформанын башкы максаттары болуп:
- КР мамлекеттик бийлик бутагы катары өз алдынча жана көзкарандысыз сот бийлигин түзүү;
- сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
- соттук системанын ачыктыгына жана тунуктугуна жетишүү;
- адамдын, жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоону камсыз кылуу;
- судьялардын сапаттуу сот адилеттигин жүргүзүүдөгү жоопкерчилигин жогорулатуу;
- КР мыйзамдарын эл аралык укуктун ченемдерине жана адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү, бул жарандардын укуктарын соттук коргоо чөйрөсүн кеңейтүүнү, сот адилеттигин жол ачыктыкты камсыз кылынышы саналат.
Соттук реформанын негизги багыттары болуп билдирилди:
- сот курулушун жана сот өндүрүшүн мыктылоо;
- сот адилеттигин гумандаштыруу;
- соттук системанын укуктук жана уюштуруу негиздерин өнүктүрүү;
- сот адилеттигинин маалымдуулук жана ачык-айкындык принциптерин жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
- жарандардын сот адилеттигине ишеничин жогорулатуу;
- соттук системанын өз алдынчалыгын бекемдөө боюнча механизмдерди иштеп чыгуу;
- судьялардын өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткаруусуна жана судьяга абийир Кодексин сактоо боюнча талаптарды жогорулатуу, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен карала турган судьялардын тартип жоопкерчилигинин натыйжалуу механизмдерин жайылтуу.
Аталган Жарлык менен Сот реформасы боюнча Президенттин алдындагы Кеңеш
түзүлгөн. Бул Кеңеш өлкөдө өткөрүлүүчү соттук реформанын приоритеттүү багыттары боюнча сунуштарды даярдоо максатында жана мамлекеттик органдардын, Жогорку соттун, судьяларды тандоо Кеңешинин, Судьялар Кеңешинин макулдашылган аракеттерин камсыз кылыш үчүн түзүлгөн кеңешүүчү жана консультативдик орган болуп калды.
Соттук системаны реформалоо боюнча Рекомендацияларга ылайык, мыйзамдардын жазык блогун иштеп чыгууда төмөндөгүлөр сунушталган:
- декриминализациялоону жана депенализациялоону өткөрүү;
- Жазык, Жазык-процессуалдык кодекстерди эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине ылайык келтирүү;
- Жоруктар жөнүндөгү Кодексти түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
- адвокаттын корголуп жаткан адамына (айыпкер, соттолуучу, соттолгон) эркин кирүү механизмин иштеп чыгуу;
- айыпкер, соттолуучу, соттолгон адамдарга реалдуу жана кепилдик менен адвокатты тандоону караштыруу;
- адамды кармалды деген учур деп факт жүзүндө кармалган учурду саноо;
- кармоонун мыйзамдуулугунун сот тарабынан сөзсүз түрдө текшерилишин кароо;
- тергөөчүнүн процессуалдык аракеттеринин мөөнөттөрүн регламенттештирүү;
- жазык сот өндүрүшүнүн сотко чейинки стадияларында соттук көзөмөлдү кеңейтүү
(процедуралар);
- пробация кызматын жана пробация кызматынын сотко чейинки бандамасын жайылтуу;
- адам жана жарандын укугун коргоо максатында соттун бардык бөгөт коюу чарасын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгаруусун кароо;
- соттук териштирүү жүрүмүндө изилдөөнүн жана далилдерди баалоонун арам ойсуздугунун принциптерин кароо;
- присяждык сотторду жайылтуу механизмдерин иштеп чыгуу;
- адвокаттардын кесиптик ассоциацияларын – Адвокатураны түзүүнү кароо, бара бара ага кесипке жетүү, кесиптик деңгээлин жогорулатуу, тартип жазасын колдонуу
укугун берүү;
- соттук иштер каалаган негизде (укуктук жана фактыда) каралуучу экинчи инстанциядагы сотторго жалаң гана аппеляциялык статусту берүү;
- Жогорку сотко кассация тартибинде иштерди кароону берүү менен андан иш
боюнча жаңы чечимди кабыл алууну алып таштоо;
- жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук актыларды кайтадан карап чыгуу институтун өркүндөтүү жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук актыларды кайтадан карап чыгуучу институтту киргизүү;
- Мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам берүү системасын өркүндөтүү.
Жазык жана жазык-процессуалдык мыйзамдарды реформалоо жазык-аткаруу мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүүнү талап кылды.
Жарандык-процессуалдык кодекс боюнча төмөнкү өзгөртүүлөр аныкталды:
- Жарандык-процессуалдык мыйзамдарды азыркы реалдуу убакытка ылайык келтирүү;
- ички карама-каршылыктарды жоюу максатында коюлган мүлктү соттон тышкары төлөтүп алуу боюнча кайрылууга тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- доонун эскириши тартибин колдонуу жөнүндөгү мыйзамдардын ченемдерин кайтадан карап чыгуу;
- сотко доо арызды берүүгө чейин сотко кайрылуу үчүн мамлекеттик пошлинаны төлөөнү кароо, муну менен катар жарды жарандардын материалдык абалы жөнүндөгү далилдерин берүү менен мамлекеттик пошлиналарды төлөөдөн бошотуу институтун кароо;
- мамлекеттик пошлиналардын акчаларын (ставка) кайтадан карап чыгуу;
- соттук териштирүүгө карата иштерди даярдоо, процессуалдык мыйзамдарды тараптардын, арыз берүүчүлөрдүн сөзсүз түрдө каяшаларды берүүсү менен, каршы (утурлама) доо арыздарды соттук териштирүү белгиленгенге чейин өтүнүч берүүгө кызыкдар адамдардын аракеттеринин стадияларынын ролун күчөтүү ченемдер менен толуктоо;
- процесстин катышуучуларына соттук териштирүүнүн жүрүшүн соттун (судьянын) уруксаатысыз эле үн жазуучу түзүлүштөр менен жазып алууга мүмкүнчүлүк берүү;
- жарандык-процессуалдык кодекстен административдик иштерди кароо тартибин жөнгө салуучу процессуалдык ченемдерди административдик сот өндүрүшүндө болгон реформага байланыштуу алып салуу.
Аткаруу өндүрүшү мыйзамы боюнча:
- аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучулар жөнүндөгү жаңы мыйзамдарды соттук актыларды натыйжалуу аткаруу мехенизмдерин кароо менен иштеп чыгуу;
- соттор тарабынан аткаруу барактарын соттук актынын мыйзамдуу күчүнө кирээри менен сөзсүз берүү милдетин кароо;
- соттук аткаруучулардын карызы бар адамдын мүлкүн издеп табуу боюнча ыйгарым укугун кеңейтүү, карыздары бар адамдардын электрондук базасын түзүү;
- торгдорду өткөрүү жөнүндө кулактандыруулар жарыялана турган бирдиктүү басма органды аныктоо;
- мажбурлап аткартуунун жыйынтыктары боюнча сот аткаруучуга төлөнүүчү акчалай акы төлөө суммасын көбөйтүү, сот аткаруучулардын социалдык кепилдиктерин кеңейтүү;
- соттук приставдар институтун киргизүү.
Судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча:
- кабыл алган адилетсиз чечимдери үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу алкагында судьялардын сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүүдөгү конкреттүү критерийлерин кароо;
- тартип өндүрүшүн козгоо жана тергөө боюнча функцияларды аларды кароо жана чечимдерди кабыл алуу функцияларынан чек коюп ажыратуу;
- судьялар Кеңешинен өзүнчө, тартип маселелери боюнча - тартип комиссияларды түзүү;
- мыйзам тартибинде бекитилген тартип өндүрүшүнүн бардык этаптарында көрүнөөлүктү, ачыктыкты, тунуктукту кароо;
- судьянын одонолук жана кечиримсиз кесиптик эмес жүрүм-турумдары болгон учурларда тартиптик өндүрүштү козгоону кароо.
Мыйзам чыгаруу реформасы
Соттук реформанын концепциясын жана жазык, жазык-процессуалдык, жазык-аткаруу, жарандык-процессуалдык, административдик жана аткаруу өндүрүшүнүн негизги багыттарын аныктагандан кийин,
Кыргызстандын бийлиги кабыл алынган концепциянын алкагында мыйзамдарды өзгөртүүгө киришти.
Мыйзамдарды өзгөртүү эки пакет менен жүрүп, алар өзгөрүү жүрүмүнүн логикасынан, приоритеттүүлүгүнөн, жумуштардын ырааттулугунан жана көлөмүнөн чыкты.
2011-2017-жылдары болгон кеңири консультативдик жүрүмдөрдө бардыгы болуп 17 кодекс жана мыйзамдар кабыл алынды.
Биринчи кезектеги пакеттерде (2011-2013-ж.ж.) соттук системанын рамкасында алардын ыйгарым укуктарын, алардын иштешинин принциптерин (көзкарандысыздыгын, тунуктугун, ачыктыгын) аныктаган, судьялардын статусу, судьяларды тандоо процедуралары, соттордун структурасы жана штаттык саны кайтадан каралып, соттук чечимдерди аткаруу маселелери боюнча мыйзамдар каралып чыккан.
Жумуштар КР юстиция министрлигинин жетеги алдында жүргүзүлгөн.
Жумушка 34 улуттук жана эл аралык эксперттер тартылган.
Бул этапта жети мыйзам кайрадан каралып жана иштелип чыккан алар: судьялардын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзам, Жогорку сот жөнүндөгү, Конституциялык палата жөнүндөгү конституциялык мыйзам, судьяларды тандоо Кеңеши жөнүндөгү, судьялардын өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндөгү, аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү, түзүмү жана штаттык саны
жөнүндөгү мыйзам.
Мыйзамдардын ушул пакети Европа Кеңешинин Венециандык комиссиясы, ушул чөйрөдөгү эл аралык эксперттик уюмдар болуп саналган БУУнун, ОБСЕ/БДИПЧ тарабынан жогору баа берилген.
Бир нече мыйзам долбоорлору Венециандык комиссиянын жана ОБСЕ/БДИПЧтин экспертизасынан өткөрүлгөн.
Мыйзамдардын экинчи пакетинде реформалоого, аларсыз, соттук, укук коргоо, көзөмөл системаларынын, адвокатуранын ишмердиги, жаза аткаруу кызматынын толук кандуу иштеши мүмкүн болбогон, материалдык жана процессуалдык мыйзамдар
туш келди.
Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жарандык-процессуалдык кодекс кайтадан каралып, таптакыр жаңы Административдик-процессуалдык кодекс иштелип чыкты.
Президенттин «Кыргыз Республикасында укук адитеттигин өркүндөтүү жөнүндөгү» Жарлыгын аткарууну уюштуруунун алкагында Президенттин Аппаратынын жетекчисинин буйругу менен 2013-жылдын 1-февралында курамында Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, Юстиция министрлигинин, УКМКнын, Коопсуздук Кеңештин, Башкыштабдын, ЖАМКнын, Финполициянын, Омбудсмендин, жогорку окуу жайларынын, мамлекеттик эмес уюмдардын 114 өкүлдөрүнөн турган 7 Жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу топтун жетекчилери болуп абройлуу укуктаанучулар, юристтер, практиктер, жетекчилер аныкталышкан.
Топтордун жетекчилери болуп дайындалгандар:
- Жазык кодекси жана Жоруктар жөнүндөгү Кодекс боюнча - Сыдыкова Лейла Чынтургановна, профессор, юридикалык илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия (Славян) университетинин проректору, КР билимине эмгек сиңирген ишмер;
- Жазык-процессуалдык кодексти иштеп чыгуу боюнча - Сманалиев Канатбек Мойнокович, профессор, юридикалык илимдеринин доктору, КНУнун юридикалык факультетинин деканынын орун басары;
- Жазык-аткаруу кодексин иштеп чыгуу боюнча - Асаналиев Тилек Асаналиевич, юридикалык илимдеринин кандадаты, Кыргызстандын Эл аралык университетинин президенти;
- Жарандык-процессуалдык кодексин иштеп чыгуу боюнча - Калиева Гульбара Үтүровна, Жогорку соттун төрайымынын орун басары;
- «Аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү» Мыйзамды иштеп чыгуу боюнча - Сатаров Улан Мелисович, адвокат, укук таануучу, КР Президентинин Аппаратында соттук реформа боюнча иштерде эмгектенген тажрыйбалуу адис;
- Судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу бөлүгүндө айрым бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү боюнча каралган Мыйзамды иштеп чыгуу боюнча - Мусабекова Чынара Абдыбакасовна, юридикалык илимдеринин кандидаты, КР Конституциялык сотунун мурдакы судьясы;
- Мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам берүү жөнүндөгү Мыйзамды иштеп чыгуу боюнча - Мамбеталиева Жылдыз Жээнбековна, КР юстиция министринин орун басары.
Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда, Жумушчу топторго сот системасын реформалоо боюнча негиз болуп Президенттин Жарлыгы (караңыз жогору жакта) менен бекитилген Рекомендацияларды кармануу, башка ведомстволук жана эксперттик топтор менен укуктун чектешкен тармактары боюнча долбоорлордун чечүүчү жоболорун макулдашуу тапшырылган.
Эки жылдык иштин, үзгүлтүксүз өткөрүлгөн эл алдында жана ачык талкуулоолордун жыйынтыгында бардык кызыкдар тараптар (прокурорлор,судъялар, депутаттар, адвокаттар, милициялар, юстиция, Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн юридикалык бөлүмдөрү, Коопсуздук Кеңеш, мамлекетти коопсуздук кызматы, финансы полициясы, чек ара кызматы, коргоо министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлери, укуктук эксперттер, мамлекеттик эмес уюмдар) менен макулдашуулардын жыйынтыгында 10 мыйзам долбоорлору иштелип чыккан, алардын ичинде 7 кодекс жана 3 мыйзам.
Талкуулоо жана макулдашуу үчүн жалпысынан аймактарга чыгууну кошуп алганда (кичилерин эсепке албаганда) 52 ири коомдук консультативдик аянтчалар уюштурулган, аларда бул закондордун аракеттери жайылтылуучу 75 ден көп уюмдар, кызыкдар уюмардын жана тараптардын өкүлдөрү катышты.
Жумуштун жүрүшүндө, керек учурда жумушчу топтор КМШ өлкөлөрүнүн, алыскы өлкөлөрдүн тиешелүү тажрыйбалары менен таанышышты, Германиянын, Казахстандын, Латвиянын, Литванын, Польшанын, Россиянын жана Украинанын эксперттери менен үзгүлтүксүз жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүштү.
Бардык кодекстер жана мыйзамдар кабыл алынган концепцияга ылайык кайтадан
каралып чыкты.
Мыйзам долбоорлорунан карама-каршылыктар, эскирген, актуалдуу эмес жана тажрыйбада иштебеген ченемдер, Конституцияга жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине
ылайык келбеген ченемдер алынып ташталды.
Кодекстердин жаңы редакциялары укуктун базалык принциптерин объективдүү камсыз кылуучу турмуштун жана коомдун керектөөлөрүнүн жаңы реалдарына шайкеш келтирилди.
Мыйзамдарды талдоо, унификациялоо, түзүмдөштүрүү жана гармонизациялоо боюнча чоң жумуштар жүргүзүлдү.
Жарандык-укуктук, жазык-укуктук, администртивдик жана тартиптик юридикалык жоопкерчилик жооперчилик туура тизилген.
2014-жылдын 22-декабрында жумушчу топтор тарабынан иштелип чыккан жана КР Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңшт тарабынан жактырылган мыйзамдардын долбоорлору КР Жогорку Кеңешине берилген.
Мыйзамдардын бул пакети 2010-жылдан кийин Жогорку Кеңешке киргизилген абдан ири жыйнак болду.
Жана Парламент аны пакети менен карады.
Парламенттин 5-чи чакырылышынын депутаттары, соттук-укуктук реформа бирдиктүү, системдик болушу керек, ошондуктан бардык пакет бирдиктүү жана координациялуу каралышы керек, закондордун ар кайсы бөлүгү синхрондошпосо жана өз-ара
ара байланышы жок болсо реформа иштебейт, деп белгилешкен.
Парламент эки жылдын ичинде мыйзам долбоорун карап чыкты, коомдук угууларды өткөрдү, мыйзам долбооунун ар бир беренесин соттук, аткаруу, укук коргоо органдары менен макулдашты.
Бардык кодекстер жана мыйзамдар ЖК Регламентине ылайык, үч жолу окуу процедурасынан, керектүү экспертизадан өткөрүлдү.
2016-жылдын декабрь айында кодекстерди жана мыйзамдарды Парламент кабыл алды жана аларга 2017-жылдын февраль айында КР Президенти кол койду.
Жаңы мыйзамдарды кабыл алуу
акыркы он жылдыкта өлкөнүн соттук-укуктук жөнгө салуудагы абдан маанилүү жетишкендиги болду.
Жыйынтыгында, Кыргызстан жана
анын жарандары мыйзамдардын прогрессивдүү пакетин алды. 2011-2017-жылдардын ичинде кабыл алынган 17 кодекстер
жана мыйзамдардын аркасында Кыргызстанда жарандык, жазыктык жана административдик чөйрөсүндө
рамалык жана процессуалдык мыйзамдар түзүлдү.
Бул мыйзамдарды кабыл алуу менен Кыргызстан эски соттук-укуктук маданияттан оолактоону белгиледи.
Жаңы мыйзамдар жаңы реалдуулукка,
жаңы экономикага ылайык келет, алар жарандардын кызыкчылыктарын эске алат, соттордун жана укук коргоо органдардын иштерин активдештирет.
Бул мыйзамдар, жарандарда өздөрүнүн
укуктарын коргоодогу бекем пайдубал пайда болгонун, соттук, прокурордук
жана милициялык зомбулук, «телефон укугуна» бөгөт коюлгандыгын билдирет.
Азыр улуттук мыйзамдар эл аралык стандарттарга жакындаштырылды.
Кыргызстан көзкарандысыздык жылдарында биринчи жолу соттук-укуктук чөйрөдө укуктук жөнгө салууну анык бир логикалык бүтүмгө жеткире алды.
Көп башка өлкөлөрдө бул процесс 5-15 жылга чейинки убакытты ээлесе, бизе бул иштерди 5-6 жылдын ичинде аяктай алдык.
Мында чоң жардамды КР Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңеш, Президенттин, Жогорку Кеңештин Аппараты беришти, коомчулук, жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтор, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн
колдоосу.
Азыркы убакыттагы жетишкендиктер кандай?
Биз төмөнкү аралык жетишкендиктерди белгилей кетишибиз керек: Жазалануучу жазык-жосундарды декриминализация1 жана депенализациялою2 аркылуу жазык мыйзамдары гумандаштырылды. Ушунун аркасынан мыйзамдардын жазык-укук блогунда адам укуктарынын
стандарттары бир топ жогорулады.
Эркиндиктен ажыртуу боюнча абдан катуу жазалоонун мөөнөттөрү 20 жылдан 15 жылга
чейин азайтылды.
Бирок муну менен жалпы гумандаштыруу жетиштүү катаал бойдон калган оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча жоопкерчиликке тийген жок.
Жазык-укуктук мыйзамдар блогун иретке келтирүү менен гана иш аяктаган жок.
Тилеке каршы, 90-жылдардын аягында ЖК, ЖПК, ЖАК жана башка мыйзамдар кабыл алынгандан бери көп убакыт өттү.
Алар өздөрүнүн позитивдик, тарыхый ролун ойношту, бирок, тилеке каршы 20 жылдык аракеттеринде аларга көптөгөн ар кандай өзгөртүүлөр, (келтирилген статистика боюнча 124!) алардын ичинде, көп стихиялык, системасыз, персоналаштырылган, саясий, айрым учурларда популисттик оңдоолор, концепцияны эске албоо менен, укук теориясын жакшы билбей, жана криминологиялык изилдөөлөрдү жүргүзбөй туруп эле киргизилген.
Ушулардын айынан эски кодекстер өздөрүнүн иреттүлүүгүн, логикасын жоготтту.
Көпчүлүк ченемдер чаташып, алар боло турган жерде жайгашпай калышкан.
Кылмыштардын ар кандай түзүмдөрү чачылып, ар кайсы кодекстерге үзүлүп, башаламан жайгаштырылган.
Мисалы, административдик жоопкерчилик жөнүндөгү эски кодекске үй-бүлөлүк үстөмдүк, майда хулиганчылык, майда уурулук, өлтүрөм деп коркутуу жазык жоопкерчилиги болгонуна карабастан, аларды административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин беренелерине киргизип коюшкан.
Ушуга жараша, жосунга карата жазалоо системасынын адекваттуулугу азайган, жазалоонун түрү жана өлчөмү коомго коркунучтуулугуна жана келтирилген зыяндын оордугунун мүнөзүнө дайыма эле дал келе бербей калган.
Майда жазыктар жана бузуулар үчүн, эркинен ажыратууга байланышпаган анча катуу эмес жазалоо менен чектелүүгө боло турган (түзөтүү иштери, эркиндикти чектөө, коомдук иштер, штраф) иштер үчүн жарандарга пропорционалдуу эмес, эркинен ажыратуу чейинки жазалоо чаралары колдонула башталган.
Мурдакы кодекстерде судьялык кароодо абдан чоң «ачакей» (чаржайыт) болгон (мисалы, шпиондуулук боюнча 10 жыл), бул судьяларга кодекстердин ченемдерине кеңири түшүнүк берүүгө жана соттук коррупцияга мүмкүндүк берген.
Ушуга окшогон ыраатсыздыктын, системасыз жана сасатташкан оңдоолордун жазык мыйзамдарына киргизилгендигинин айынан 2010-жылга карата жазык саясатынын сапаты жана коррупция менен күрөш төмөндөй баштаган.
Советтик формациянын шартында жакшы иштеген механиздер иштебей бузула баштаган.
Аларды кылмыштуулук көрүнүштөрү менен күрөшүүнүн жаңы реалдуулукка ийкемдештирүү муктаждыгы келип чыкты.
Мурагы кодекстерде юридикалык адамдардын алардын чарбалык иштерди жүргүзүүдөгү жоопкерчиликтери болгон эмес.
Ошого карастан да тажрыйбада корпоративдик укук бузуулар тез-тез боло баштаган, жана юридикалык адамдардын жазык жоопкерчилиги Кыргызстанда эмес, эл аралык деңгээлде кеңири колдоого ээ боло баштаган.
Бирок, жаңы ЖК кабыл алынышы менен юридикалык адамдардын жазыктык жоопкерчилиг пайда болду.
Ошондой эле, мурдакы турмушта кездешпеген жаңы кылмыштар боюнча жоопкерчилик толугу менен каралган эмес, алар киберкылмыштар, экология чөйрөсүндөгү кылмыштар (экоцид), тездик менен өнүгүп жаткан медициадагы трансплантология, ЭКО, эмбриондорду пайдалануу ж.б.
Өткөн убакытка чейин ушул тармактар укуктук жөнгө салуудан калган, бирок азыр алар адамдардын жашоо тажрыйбасында пайда боло баштаган.
Албетте, бул жазык саясатына, коомдук мамилелерге жалпы тартипти бузуучулукту (диссонанс) киргизди, адамдардын адилеттикке ишенимин кыйратты.
Жаңы кодекстер жана мыйзамдар кабыл алынгандыктан мыйзамдар кайтадан иштелди, иретке
салынды, бирдиктүү калыпка келтирилди, логикасы түздөлдү.
Мыйзамдар бир топ бирдиктүү болуп, адамдар жана укук пайдалануучулар үчүн ыңгайлуу болуп калды.
Бардык жазык жосундар кайтадан иштелип чыкты, мурдагы чаташып кеткен жазык, жарандык жана административдик жосундар сортировкаланды, окшоштугуна жараша топтоштурулду, оорчулугу жана кесепеттери боюнча ранжировкаланды.
Мыйзамды иштеп чыгуучулар жазык жоруктарды административдик жоруктардан бөлүштү.
Кылмыш жоруктар дагы логикалдуу жана ыраатту топтоштурулду жана коркунучтуу жоруктарга (олуттуу, оор, өтө оор зыян), аз коркунучтуу (аз коркунучтуу зыян) жана майда зыяндарга бөлүндү.
Ошентип, эски ЖК жана административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекстерден (АЖжК) 4 кодекс бөлүнүп чыкты, атап айтканда, ЖК, Жоруктар жөнүндөгү Кодекс (ЖжК) (бул мурда бул жок болчу), Бузуулар жөнүндөгү Кодекс (БжК) (бул дагы мурда жок болчу), Административдик-процессуалдык кодекс (АПК) жана мыйзамдардын иреттүү кичине шатысы пайда болду (бул тууралу ушул жыйнактан орун алган Лейла Сыдыкованын, Назгүль Сулайманованын, Ирина Летованын, Улан Сатаровдун макаларында баяндалат).
ЖКда кылмыштар үчүн жазалоонун түрлөрү жана өлчөмдөрүнүн Таблицасы пайда болду.
Ал санкциялардын салмактуулугуна талаптуулугуна, иерархияялык ырааттулугуна жараша сактоого мүмкүнчүлүк берет.
Ал жазалоонун бардык түрлөрүн камтыды, аларды ырааттулук менен жайгаштырды, эң жумшак жазалоодон катуу жазалоого, курагынын өзгөчөлүгүнө, качан талаптуу жазалоо түрү эгерде жазалоонун анча катуу түрү менен жазалоо максатына жетпей турган учурлары боюнча тартипке салынды.
Судья эми жазалоонун катуу түрүн жөйөлөштүрүшү жана негиздеши керек.
Бул таблица судьялар жана мыйзам чыгаруучулар үчүн абдан пайдалуу болду, себеби, өкүм чыгарууда, жаңы жазыктык мыйзамдарды иштеп чыгууда жана кылмыштардын жаңыдан киргизилип жаткан составдарына карата санкцияларды аныктоодо жардам берет.
Эми эркинен ажыратуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн аргасыздан жазалоо
чарасы катары каралат.
Жаңы мыйзамдар коомдон оолактатууга байланышпаган (комдук иштер, штрафтар) жазалоонун ушул түрлөрүн пайдаланууга дем берет.
2020-жылдан тартып пробацияны киргизүү пландаштырылууда.
Бул соттолгон адамдарга акыркы чараларды – эркинен ажыратууну колдонбой туруп эле оңолунун жолуна түшүүгө жардам бере турган жаңы прогрессивдүү институт.
Пробация соттолгон адамды реалдуу жазаны өтөөсүз эле оңдоого көмөктөшөт.
Ал коомдон оолактатуусуз соттолгондорго, ошондой эле, эркинен ажыратуу жерлеринен шарттуу-мөөнөтүнөн эрте бошотулуучу соттолгондорго карата колдонулат (ШМБ).
Пробация кызматы биринчи жолу кылмыш кылгандар ким эркиндикке даярдынып
жаткандар ж.б. үчүн алмаштыргыс.
Белгилүү болгондой, эркиндикке чыккандан кийин аларга коомго кайта келип жана турмушка көнүү: турак жай, жумуш табуу, документтерди калыбына келтирүү,
үй-бүлө менен кошулуу ж.б. абдан оор.
Пробация кызматы алардын коомго ийкемделүүшүнө жардам берүүгө арналган.
Пробация кызматы өзүнчө, жарандык, демилитаризацияланган куралсыздандырылган, ЖАМКдан өз алдынча, соттолгондорду ресоциализациялоочу, социалдык багыттагы мамлекеттик орган болуп иштөөсү керек.
Бул органдын кызматкерлеринин штаты ЖАМКнын офицерлеринен эмес, жарандык кызматкерлерден (социалдык кызматкерлерден, психологдордон) турушу керек.
Жазаны дайындоодо соттун ыктыярына калтыруу мыйзам менен тарылтылган.
Мурда белгиленгендей, жазаларды дайындоодо «ачакей» абдан чоң болгон, жазанын айрым бир түрлөрү үчүн (шпиондуулук) соттук ыктыярга мындай калтыруу коом тарабынан чоң сынга алынган.
Азыр бул «ачакей» 2,5 жылды түзөт.
Бул аз катачылык кетиргенге, коррупция үчүн аз сындаганга, судьяларды аз сындаганга
мүмкүнчүлүк түзүлөт дегенди билдирет.
Эски ЖПК боюнча бизде анык атаандаштык процесс болгон эмес, бул жазык иштерин кароонун иделдуу варианты болуп саналып, тараптардын жазык иштери алардан көзкаранды болбогон судьялар тарабынан каралат.
Азыркы убакта судьялардын ыйгарым укуктары сотко чейинки бөлүктө дагы,
ошондой эле соттук өндүрүштө дагы кеңейтилген.
Тергөө жана алгачкы тергөө азыркы убакытта сот үчүн жана соттун көзөмөлүндө.
Олуттуу жетишкендик болуп соттук көзөмөлдү тергөө судъяларынын түрүндө
жүргүзүү болуп калды.
Күнөө коючу тарап болуп саналган, прокурорлор берүүчү санкциялар (атап айтканда камоого санкция) азыр көзкарандысыз соттук системанын колунда.
Соттук көзөмөлгө жана атайын тергөө аракеттери алынды.
Мурда прокурорлордун көзөмөлүндө болгон бул ыкчам аракеттер азыр оңдолгон жана жана адам укуктары соттук коргоого ээ болду.
Судьяларда процесстин бардык катышуучуларынан (тергөө, прокуратура, адвокатура) мыйзамды так аткарууну талап кылуу ыйгарым укугу бар.
Бул жаңы кодекстерге киргизилген.
Жаңы мыйзамдар цифралаштырууну жана маалыматтык технологияны (соттук процесстерди угуу-көрүү протоколдоштурууну, сурак өтүүчү бөлмөлөрдү камералар менен жабдуу ж.б.) соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу үчүн кеңири колдонууну караштырган.
ЖПКтин бирден бир жаңычылдыгы (новелла) болуп кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрин жайылтуу болду.
Көпчүлүк жаңычылдыкта коррупциялык схеманы кыйрата турган, эски система жакшы көргөн жана коомдун сотторго, укук коргоо органдарына, көзөмөл органдарына болгон ишенимин жана сыйлоосун кыйраткан коррупцияга каршы абдан ири потенциал камтылган.
Жалпысынан, кодекстердеги жана мыйзамдардагы бардык жаңычылдыктарды көпкө чейин санай берсе болот, бирок бул ушул макаланын максаты эмес.
Соттук-укуктун мыйзамдык реформасы жөнүндө айтуу менен, жаңы кодекстер
менен мыйзамдардын кабыл алынышы азыркы этаптагы соттук-укуктук реформаны жүргүзүүнүн маанилүү натыйжасы болгондугун баса белгилей кетүү маанилүү
болуп саналат.
Кодекстерди жана мыйзамдарды имплементациялоо
Реформанын кийинки кадамы 2017-2023-жылдардын ичинде кодекстерди жана мыйзамдарды имплементациялоо болуп калды.
Имплементация 2017-жылдын 1-июлунан жарандык-процессуалдык жана административдик-процессуалдак блоктон этап боюнча башталды.
Жаза-укуктук блок үчүн имплементация болгону үч ай мурда, 2019-жылдын 1-январынан башталды.
Бул жүрүм жаңы эле башталды.
Бирок имплементациядан Кыргызстандын эли адилеттүү, көзкарандысыз жана чынчыл соттук-укуктук системаны алуусу көзкаранды.
Биз кодекстерге киргизилген эң жакшы идеяларды жана ойлорду тажрыйбада ишке
ашыра алабызбы.
Институционалдык жана кадрдык реформалар
Реформалоонун төртүнчү кадамынын сапатында (хронологиянын же маанилүүлүгү боюнча эмес, реформанын логикасы боюнча) институционалдык жана кадрдык реформаларды айтып өтүү керек, мунсуз бирдиктүү соттук-укуктук реформа болбойт эле.
Бул реформа институттарды модернизациялоо, реформанын кадрларын алмаштыруу жана окутуу, анткени соттук-укуктук реформа таптакыр жаңы институттарды жана кадрларды, судъялардын, прокуррорлордун, милициялык, адвокаттардын жүрүм-турумдарындагы жаңы аң сезимдерди, менталдуулукту талап кылат.
Аң сезимдер, мамилелер өзгөрбөсө бул реформа өзгөрүүлөрдү бере албайт.
Институционалдык жана кадрдык реформалар соттук-укуктук реформалар менен жанаша өткөрүлдү.
Анын максаттары дагы эле толук жетишилген жок, бирок ири жетишкендик катары төмөндөгүлөрдү белгилеп кетүү керек:
- 2013-жылы конституциялык көзөмөлдүн органы – КР Жогорку сотунун Конституциялык палата түрүндө калыбына келтирилген. Азыркы убакта палата өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып, толук кандуу иштеп жатат;
- биринчи жолу судъяларды тандоо Кеңеши жаңы конституциялык орган катары түзүлдү, ал 6 жылдын ичинде судьялык копусту жаңылоону өткөрүп келди;
- тергөөчү судъялардын институту пайда болду;
- судъялардын Тартиптик комиссиясы түзүлдү;
- Башкы прокуратурада укуктук статистикалык Башкармалык түзүлдү;
- ИИМде алгачкы тергөө жүргүзүү кызматы түзүлдү;
- пробация кызматы түзүлүүдө (2020-жылдан тартып иштей баштайт);
- бирдиктүү Адвокатура түзүлдү;
- кадрларды массалык түрдө окутуужүргүзүлүүдө;
- жаңы штаттык бирдиктер бөлүнүүдө.
Инфраструктура жана каржылоо
Аягында, реформа ансыз толук түрдө ишке ашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой турган реформанын инфраструктуралык жана каржы компоненттерин айта кетүүнү унутпашыбыз зарыл.
2015-2017-жылдарда судьялар, укуккоргоочулар үчүн инфраструктуралык көп долбоорлор болгон.
Так ошондой эле, 2017-2018-жылдарда Жогорку сот, Бишкек шаарынын Район аралык жана Свердлов райондук соттору жаңы имараттарды алышты, судьялар үчүн үйдүн курулушу башталды, ИИМ, УКМК, Башкы штаб, бардык күч блогунун кызматкерлери үчүн батирлер курула башталды.
Соттордун ишмердигин цифралаштыруу улантылды.
Укук коргоо органдарынын бюджети көбөйдү.
Соттук системанын бюджети бир нече көбөйдү.
Корутунду
Кыргызстандагы соттук-укуктук реформаны жүргүзүүнүн автор тарабынын сунушталган учурлары тууралу макаланы аяктап жатып, биздин тайгак кечүү жолун басып өткөнүбүздү белгилей кетким келди.
Соттук-укуктук реформаны жүргүзүү 5-6 жылды ээледи, эгерде бул жүрүм стратегиялык уюшулган болсо, эгерде саясий компоненттин таасири, парламенттеги саясий күчтөрдүн кармашуулары, ведомстволук таасирлер болбогондо мурда эле аяктамак. Саясий «сүзүшүү» өлкөнүн жана анын жарандарынын көп убактысын жана күчүн алып койгонун моюнга алуу керек. Көп убактыны жана күчтү макулдашуунун узак процесстери, мурунку көз караштан кайтаруу, эски күчтөрдүн каршылык көрсөтүүсүн жеңип чыгуу алып койду. Стратегиялык реформаторлук иштер үчүн керектүү эрк жана мамлекеттик органдарда адамдык керектүү потенциалдар болгондо жүрүм натыйжалуу жана аз убакытты алмак.
Добавить комментарий ×