Гуанчжоу шаарындагы Башкы консул Максат Тентимишов кызматынан алынып, ордуна Искендер Орусбаев дайындалды
Поделиться в:
Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу Тентимишов Максат Ишенбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Бошотуу тууралуу жарлыкка бүгүн 4-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Анын ордуна Искендер Орусбаев дайындалганы тууралуу маалымдалды. Искендер Орусбаев буга чейин тышкы иштер министрлигинде Чыгыш өлкөлөрүндөгү Азия департаментинин бөлүм башчылыгы кызматын аркалап келген.
Ссылка: https://barometr.kg/guanchzhou-shaaryndagy-bashky-konsul-maksat-tentimishov-kyzmatynan-alyndy
Добавить комментарий ×